Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Куспаган” Конушбаев калдыбы?..

“Куспаган” Конушбаев калдыбы?..

03-август, 22:13
1 383 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Төрт жылдан ашык убакыттан бери “кустуруу” мамлекеттик деңгээлдеги саясатка айланганы жашыруун эмес. Жеп-ичкич чиновниктер, шектүү ишкерлер, дээрлик күркүлдөр, айтор, элдин эсебинен байыгандар тергөөгө алынышып, камалышып, коррупцияга каршы айыгышкан күрөштүн капшабында калып келишет. Алардын ичинен салык жашыргандары канча? 

Айтмакчы, ири байлардын ичинен “куспаганы” эле Тынчтыкбек Конушбаев айтылууда. Отуз жылдай убакыттан бери ишкерлик менен алектенип келаткан бул адамдын “калбыры” жокпу? “Байтур” ден соолукту чыңдоочу борборун өркүндөтүп, Ысык-Көлдө коттедждер шаарчасын куруп, убагында Татырдан, Суусамырдан алган гектарлаган жерлери, айтор, кулач жайган байлыгын санай берсе арбын. Таза иштейби? Илгери кымбат баалуу объектилерди, жерлерди кандай жол менен менчиктештирди болду экен? Коомчулук күмөн санабаш үчүн отчёт берип койсо да ашыктык кылбас эле. Буга чейин Тынчтыкбек Конушбаевдин УКМКга чакырылганын уккан эмеспиз. Эгерде кынтыксыз, жипке тизген шурудай ырааттуулукта эмгектенсе, анда кеп башка! “Баракелде!” дейбиз.  


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер