Каныбек Туманбаевдин катуу сөгүш алганы элге жакты


Жалгыз маңдайыбызга бүткөн “реформатор” Каныбек Туманбаев президент тарабынан катуу сөгүш алды. Себеби, Ош базардагы эл менен ажылдашып, урушуп, эмоцияга алдырганы үчүн... Коомдук жайда тыюу салынган электрондук сигарет чеккени да талкууга алынды... Бир эсе “тизгинин кагып” койгонун коомчулук жылуу кабылдады. Буга чейинки мамлекеттеги нааразычылыктар Каныбек Туманбаевдин артынан айтылып келатканы жалганбы? Күмөн жаратканычы? Ипотекалык үйлөр, айдоочулук күбөлүк алуу, дээрлик ири миллиондор айланган жердин баары президенттин иш башкармалыгына байланыштуу эмеспи. Элдин ырыскысынын үстүнөн бийлик жүргүзгөн адам сылык болушу керек эле. Туурабы? Президенттин катуу сөгүш бергени көпчүлүк катмарга жакты, упай алды. Эми андан аркысын көрө жаталы...











