Ишенбай Кадырбековду камакка алуу маселеси талаш-тартыш жаратканда

Саясатчы Ишенбай Кадырбековду камакка алуу аракети көрүлүп аткандай. Бирок, бул жаатта бийлик билермандарынын ортосунда талаш-тартыш жаралып, создугуп кеткени эмнени билдирет? Бири күрсүлдөп каматууга ашыкса, экинчиси токтотуп, айтор, аз жерден кырдыбычак кырдаалга жетпей калышыптыр. Эркиндиги кылдын учунда турган Ишенбай аксакал соңку мезгилдерде жаңы бийликке сын пикир айтып, каршылык көрсөткөнү белгилүү. Мындан ары дагы мыйзамдуулук, укуктук жактан Акүйдөгүлөргө акыл үйрөтүп, акаарат келтире берери айкын. Ошондо 72 жаштагы Кадырбековду камап салышабы? Эске салсак, каарманыбыз убагында Курманбек Бакиевди да сындап, үй-бүлөлүк, кандуу бийликтин бетин ачууга салым кошкон. Тажрыйбалуу мыйзамчы талуу жерден кармаганды билет эмеспи. Акыры Бакиевдин айласы кетип, Кадырбековду түрмөгө тыктыруу менен кутулгандай болуп, бирок көп узабай төңкөрүшкө кабылган. Эскиден сабак алабызбы?..
"Азия Ньюс" гезити