Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Абдыбек Дюшалиев, ЖК депутаты: “Энелик мээрим, моралдык колдоо көрбөгөн бала зомбулукка барат”

Абдыбек Дюшалиев, ЖК депутаты: “Энелик мээрим, моралдык колдоо көрбөгөн бала зомбулукка барат”

25-январь, 14:20
623 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Абдыбек Кашымбекович, үй-бүлөлүк зомбулук көрүнүштөрү күчөгөнүнүн себебин сиз эмнеден көрөсүз?

-- Менин оюмча, мунун тамыры өтө тереңде. Биздин көп жарандарыбыз азыр чет өлкөлөрдө миграцияда жүрүшөт. Бир үй-бүлөдөн же атасы же апасы миграцияга кетет, балдары жакшы каралбайт. Канчалаган бала үйүнөн качып,  көчөдө кароосуз жүрөт. Кайыр сурап жүргөндөрү бар. Ээнбаштык, зомбулук дегендердин баары ошондон башталат. Туура, миграцияга тыюу салуу мүмкүн эмес. Бирок, кимдир бирөө сырт жактарга кетип жатса, жок дегенде “анын баласы кароосуз калбайт, жакын туугандарынын, же жергиликтүү бийликтердин, айыл активдеринин көзөмөлүндө болот” деген кепилдик болуш керек. 

-- Бирок, күйөөсү да, аялы да эч жакка кетпеген үй-бүлөлөрдө деле зордук-зомбулук болуп жатканын кандай түшүнсө болот?

-- Ооба, үй-бүлөдөгү зөөкүрлүктөр, күйөөсү аялын сабаган учурлар да бар. Бирок, менин жеке көз карашымда, эң массалык мүнөздөгү зомбулук миграцияга байланыштуу. Бир үй-бүлө буга чейин жакшы эле жашап жаткан. Бир күн эле аялы же күйөөсү Россияга кетип калат. Бир жылдап, кээде эки-үч жылдап келбейт. Анча-мынча акча салганы эле болбосо, балдарына моралдык эч кандай колдоо көрсөтө албайт. Бала энелик мээрим көрбөй чоңоёт. Маселенин тамыры ушунда жатат. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер