Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Жаңы Акүй курула турган болжолдуу дарек белгилүү болду

Жаңы Акүй курула турган болжолдуу дарек белгилүү болду

19-апрель, 17:02
561 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жаңы Акүйдү кура турган компанияга бериле турган 16 гектар жердин болжолдуу дареги белгилүү болду.

Президенттин иш башкармалыгынын алдындагы социалдык-экономикалык жана административдик объектилерди куруу, реконструкциялоо боюнча жаңыдан түзүлгөн дирекциянын жетекчиси Марат Турсунбековдун айтымында, жер шаардын түштүк тарабында жайгашкан. Турсунбеков маалымат агенттиктердин бирине мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын маңдайына дагы административдик имарат курула турганын билдирген.

"Президенттин иш башкармалыгында болгон жер инвесторго сунушталып жатат. Менин билишимче, бул жер алтыга бөлүнүп кеткен. Мурдагы "Ысык-Көл" мейманканасынын маңдайында келечекте министрлер кабинетинин административдик имараты курулат. Башкача айтканда, бардык министрликтерди ошол жакка көчүрүп, Казакстандагыдай бардыгы бир жерде болсун деп жатабыз. Бул шаарды бошотуу үчүн зарыл. Карагылачы, азыр машине айдаганга мүмкүн болбой калды, тыгын. Шаардан келген транспорттун дээрлик 30 пайызы ошол жакка барат. Президенттик аппаратта 5-6 миңдей адам иштейт. Баары ошол жакка көчөт. Бул жаманбы? Министрлер кабинетинин имаратынын долбоору даярдалууда деген Турсунбеков.
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер