Руслан Акматбек: “Баягы эле кокту-колот аң-сезими менен кетип баратабыз”

-- Ич ара келишпестигибиз, талаш-тартышыбыз бүтпөдү. Мунун ордуна биргелешип өнүгүүгө багыт алсак болот эле. Бу кебетебиз менен кошуна өлкөлөрдөн дагы ат чабым алыста калчудайбыз...
-- Жараткан бизге мамлекеттүүлүктү ыроолоп, ата-бабабыз жаманбы-жакшыбы курап, түптөп берди. Сонун, чакан, татынакай өлкөбүз бар. Ошону барктап, бапестеп, кастарлап, кадырына жетип, кийинки муунга мурас калтыргандын ордуна баягы эле кокту-колот аң-сезими менен кетип баратабыз.
Мамлекеттүүлүктү, өлкөнүн келечегин Акүй-Көкүйдөн куралган бийликке алмаштырып жибердик. Өсүп-өнүгүү, эркиндик, жаркын келечекке карай алпурушкандын ордуна, 30 жылдан бери өлкөбүздөгү негизги эле кыймыл бийлик жана анын кызыкчылыгынын тегерегинде. Жараткан көңүл бурган президентке сын айтылбашы керек имиш...
Жараткан насип кылган калдайган мамлекеттүүлүктүн оозуна түкүрүп, талап-тоноп, элин тентитип, добушун 1000 сомго сатып алып, мөңгүсүн жок кылып, көлүн мончого айландырып, тоосун таштандыга толтуруп, жакшы эле талкалап, ойрондоп жатабыз го!..
"Азия Ньюс" гезити