Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Паранжы жамынган – бул өтө аша чапкандык”

Тазабек Икрамов, ЖК депутаты: “Паранжы жамынган – бул өтө аша чапкандык”

20-ноябрь, 09:00
334 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Тазабек мырза, кесиптешиңиз Шарапаткан Мажитованын коомдук жайларда паранжы жамынып, сакал коюп жүрүүгө тыюу салууну караган мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Бул долбоорго сиздин көз карашыңыз кандай?

-- Ким кандай динди кармайт, кантип жүрөт – бул ар бир адамдын өз укугу. Негизи, өзүбүздүн ата-бабалардан калган салттуу динибизди кармасак, ушундайлардын баарынан алыс болот элек. Өзүбүздүн сонун улуттук кийимдерибиз, чапан-калпактарыбыз бар. Паранжы жамынган – бул өтө аша чапкандык. Ал эми сакал коюу – ар бир адамдын укугу. Сакал койгон пайгамбарыбыздын сүннөтү болот, ошондуктан мен андан эч кандай жаман нерсени көргөн жокмун. Алтымыш жаштан ашкан аксакалдарыбыз сакал коюшса жарашат. Бүгүн бизде жарым жылаңач жүргөндөр деле бар да, анда аларга да тыюу салыш керек болот. 

-- Долбоорго ылайык, мыйзам бузулган учурда 2 миң сом айып пул салынып, 30 саат коомдук иштерге, экинчи жолу мыйзам бузса, 4 миң сом айып пул салынып, 40 саат коомдук иштерге чегерилет экен. Мунун арты кээ бир өлкөлөрдөгүдөй көчөдөн кармап алып эле сакалын кыркууга айланып кетпейби?

-- Андай да болушу мүмкүн. Ошондуктан мен “сакалга асылган туура эмес” деп айтар элем. Талкуунун жүрүшүндө биз да өз пикирибизди айтып, сунуштарыбызды беребиз. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер