Жалал-Абад облусуна элге жакын губернатор келбесе... абал начарлай берет!


Сузак жана Чаткалдагы эки өспүрүмдүн өлүмү боюнча губернатор Тилек Текебаев жыйын өткөрүп, одураңдап коркутуп-үркүтүп отурат. “Директорго эмнеге чара колдонбойсуңар?!” дегени кызык. Ириде көйгөйдүн себебин талдап, эмнеден уруш чыкканын иликтеп, маселенин түйүнүн чечиш керек да. Директорду, завучту же мугалимди жазалап кутулуу логикага сыйбайт го? Аныгында Тилек Текебаевдин акылдуу сүйлөмүш эткени, кыйынсынганы суу кечпейт. Мындай жамандыкка туура баа берип, кийин кайра кайталанбай тургандай өрнөк көрсөтүп, тарбиялык, адептүүлүк багытында үлгү жасоо зарыл эле. Тилекке каршы, губернатор жасалма түрдө жыйында бакылдап койгонуна баракелде!
“Сырты жалтырак, ичи калтырак” деген лакап бар. Анын сыңарындай, Тилек Текебаевдин ар ишке ат үстүнөн мамиле кылган жүрүшүн кантебиз? Дээрлик тармактардагы абалга баа берүү зарыл. Көйгөйлөр жыйылып отуруп, шайлоо астында ачыкталабы? Көп былыктар басыла берсе, чечүүчү кезде кантебиз? Ошон үчүн элге жакын, ишбилги, коомдук кубулуштарды талдай алган жаңы жетекчи облус башына келбесе, баягы эле саздан чыга албайт окшойбуз...











