Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кеңешбек Сайназаров: “Онлайн окутуу билим берүүдө олуттуу көйгөйлөрдү жаратты”

Кеңешбек Сайназаров: “Онлайн окутуу билим берүүдө олуттуу көйгөйлөрдү жаратты”

28-ноябрь, 19:59
1 835 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Билим берүү жана илим министрлигинин коомдук кеңешинин мүчөсү менен маек.

-- Онлайн билим берүү боюнча мугалимдер менен окуучулар арасындагы эң көп кезиккен көйгөйлөр кайсы? 

-- Мен бул көйгөйлөрдү үч бөлүккө бөлөт элем. Биринчиси, инфраструктуралык көйгөйлөр. Буга компьютер менен телефондордун жетишсиздигинен баштап, интернеттин начардыгына чейинки көйгөйлөр жана билим берүү системасында иш алып барган ар кайсы институттардын бири-бири менен алгылыктуу тармакка кошулуусун айтсак болот. Экинчиси, структуралык маселелер. Онлайн жана офлайн окуунун өзүнчө айырмачылыктары бар. Классикалык формада окутулуп жүргөн окуу программаларынын онлайнга өткөрүүдөгү кыйынчылыктар менен тоскоолдуктары буга мисал болуп бере алат. “Аны канчалык деңгээлде чече алдык, же албадык?” деген суроо азырынча ачык боюнча калууда. Бирок, алдыга карай кадамдар жасалууда. Үчүнчүсү, мугалимдер менен окуучулар ортосундагы, ата-эне менен окуучу, мугалим менен ата-эненин ортосундагы психологиялык түшүнбөстүктөр. Аларды чечүү али алгылыктуу жолго коюла элек. Мындан улам, окуучулар арасында суицидге чейин жеткен учурлар болуп атпайбы. Алардын алдын алуу жолдору үй-бүлө менен мектептин тыгызыраак иштешүү жараянында жатат. 

-- Онлайн окутууда кандай жетишкендиктер болду? 

-- Онлайн окутуудагы түйшүктөр менен катар эле жетишкендиктер да көп болду. Алыс барбай эле Орто Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөр менен салыштырсак, биздин Кыргызстанда бир окуу системасынан экинчи бир системага тез жана ийкемдүү өтүп кетүү процесси байкалды. Бул жерде мугалимдердин, мектеп администрацияларынын ролу зор. Мындан сырткары, билим берүү жана илим министрлигинин иштеп чыккан жоболору эбегейсиз жардам берди. Сабактарды эффективдүү өтүү үчүн ар кандай программаларды колдонуп, билим сапатына көп көңүл бөлүндү. Алар жазгы каникулда дээрлик эки жумадан ашпаган учурда чыныгы педагогикалык лидерликти көрсөтө алды деп айтат элем. Дагы бир жетишкендик – бул ата-энелердин билим берүүнүн кадыр-баркын түшүнүшүп, балдарына жетиштүү шарттарды түзүп бергендиги. Мурда мектеп өз жашоосу, бала өзүнүн көйгөйлөрү менен калып, ата-энелер көбүнчө баласын кийинтип, мектепке багыттап, тыйын-тыпырдан гана жардам берип келсе, эми алар окуу жараянына аралашуусу сүйүндүрөт. 

-- Бишкек шаары боюнча онлайн окутууну талдоо жүрүптүр. Жыйынтыктары жөнүндө эмнелерди айта аласыз? 

-- Менин баамымда, шаардын тегерегиндеги жаңы конуштардагы окуучулардын көйгөйлөрү, аярлуу катмардагы үй-бүлөлөрдүн көйгөйлөрү дагы бир ирет ачылып калды. Биздин баамыбызда деле өлкө боюнча чоң көйгөй – балдардын дээрлик үчтөн бири окууга алгылыктуу катыша албай жаткандыгы. Бул ата-эненин көзөмөлү менен шартынын жетишсиздигине байланыштуу. Ал эми мугалимдер болсо ар кандай шыктандыруучу методиканы такай колдонбой, өз ишине көңүл кош мамиле жасап койгон учурлары байкалууда. Мугалимдердин мындай мамилеси билим сапатынын төмөндөшүнө түздөн-түз таасир этүүдө. 

-- Аралыктан окутууда мугалимдерге кандай жардам көрсөтөсүздөр? 

-- Мугалимдерге жардам берүүчү ар кандай платформалар түзүлгөн. Бул жакшы жөрөлгө да. Анткени, анда ар түрдүүлүк жана тандоо бар. Биз өзүбүздүн демилгенин алкагында «Онлайн мектеп» платформасы аркылуу ар качан мугалимдердин көйгөйлөрүн чечүүгө басым жасап жатабыз. Мисалы, жакында эле болгон күзгү каникул мезгилинде ар кандай семинарлар менен вебинарлар күн сайын өткөрүлүп жатты. Окуучулардын, мугалимдердин маселелерин өз оозунан угуп, аларды чечүү жолдорун чогуу издедик. Андан сырткары, ата-энелер үчүн психологиялык жардамдар көрсөтүлүп, бүгүнкү күндөгү дагы бир чоң көйгөй болгон баалоо системасын талкууладык. 

-- Окуучулардын билим деңгээлине кандай баа берет элеңиз? 

-- Тилекке каршы, онлайн окутуу жараяны окуучулардын билим деңгээлине түздөн-түз терс таасирин тийгизүүдө. Билим сапаты начарлап кеткенин ар кайсы булактар айта башташты. Онлайн окутуу биздин жеке коопсуздугубуз үчүн мажбурланган шарт болгонуна байланыштуу айласыздан бул системада иштеп жатабыз. Бирок, ушундай кыйынчылык шартта деле колдон келишинче окутуу системасын офлайнга жакындатуунун жолдорун издесек жакшы болмок. Мисалы, 2020-2021-окуу жылынын биринчи чейрегин максимум офлайн окууга жакындатып, же аралаш системаны колдонуп, окуу процессин уюштуруп дегендей...


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер