Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Кредит алгандарга Улуттук банктан кеп-кеңеш

Кредит алгандарга Улуттук банктан кеп-кеңеш

28-август, 21:55
1 043 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Кредиттик тарых” деген эмне?

Кредиттик тарых – бул кредит тууралуу финансы кредиттик мекемелер өз ара бири-бири менен зайымчынын кредиттик келишимдер боюнча милдеттенмелерди кандай жагдайларда аткаргандыгы тууралуу маалыматтардын жыйнагы. Кредиттик тарых төмөнкү маалыматтарды камтыйт: качан, канча кредит, кайсы финансы кредит мекемесинен алынган, мөөнөтүндө алынган милдеттенмелери аткарылган же белгиленген мөөнөттөн өткөрүлүп аткарылганбы, келишимдин шарттары толук аткарылдыбы? Коронавирус инфекциясынын жалпы жайылып кетүүсүнө жол бербөөгө байланыштуу жагдайдан улам, кредитти төлөө мөөнөтүн жылдыруу жөнүндө маалыматтар кредиттик бюролор тарабынан терс кредиттик маалыматка киргизилбейт. Ушуга байланыштуу келечекте кредит алууда финансы-кредит уюмдары кредиттерди төлөөнүн мөөнөтүн кечиктирүүнүн себептерине көңүл бурушат.

"Кредиттик каникул" алуу учун эмне кылуу керек?

Кредитти төлөө жагында кыйынчылыктар жаралган учурда биринчи кезекте карыз алуучу түздөн-түз финансы-кредит уюмуна кайрылып, кредитор менен тийешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү зарыл. Башкача айтканда, кредитти реструктуризациялоо маселеси жеке кредитор менен карыз алуучунун ортосунда тийешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн негизинде чечилүүгө тийиш.

Финансы-кредит уюмдары бардык кардарларына (карыз алуучуларына) "кредиттик каникул" берүүгө милдеттүүбү?

Финансы-кредит уюмдары ар бир кайрылууну жеке карап чыгышып, кредиттердин шарттарын өзгөртүү жөнүндө чечимдерди карыз алуучунун финансылык мүмкүнчүлүктөрүнө талдап-иликтөөлөрдү жүргүзүүнүн негизинде кабыл алат.

Карыз алуучу COVID-19 вирусунун жайылып кетишине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам кредит төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда төлөө мөөнөтүн кимдерге жылдырылып бериши мүмкүн?

COVID-19 вирусунун жайылып кетишине байланыштуу киргизилген чектөөлөрдөн улам кредит төлөөдө кыйынчылыктарга дуушар болгон учурда жеке адамдарга сыяктуу эле юридикалык жактарга да берилген кайсы болбосун кредиттин төлөө мөөнөтү жылдырылышы мүмкүн.

Финансы-кредиттик уюмга кредиттин мөөнөтүн жылдыруу боюнча суроо менен кантип кайрылса болот?

Эгерде карыз алуучунун арыз-даттануусу бар болсо, анда ал ар бир финансы-кредиттик уюмда кайрылууларды кароо жол-жобосу болорун билиш керек. Карыз алуучу финансы-кредиттик уюмда атайын дайындалган жоопкерчиликтүү кызматкерден арызды берүүнүн жол-жобосу боюнча маалыматты сурап алып, же финансы-кредиттик уюмдун расмий сайтынан тапса болот. 


Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер