Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Күйөөсү бар аялдарды жек көрөм”

“Күйөөсү бар аялдарды жек көрөм”

06-апрель, 19:07
424 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кээде «мен такыр турмушка чыкпайм», «турмушка чыккым келбейт» деген кыздарды көрүп таңгалам. Жалгыз адамдын жашоосу өтө көрксүз экенин түшүнүшкөндө минтип айтышпайт эле.

Жашым 36да. Ысымым Бактыгүл болгону менен өзүм бактысызмын. «Турмуш – миң бир түстүү болот» деп айткан улуу муундагылардын сөзү жалган болуп чыкты. Көрсө, турмуштун эки гана түсү болот экен«ак» жана «кара».

Ушул жашка келгени бир да жолу турмушка чыгып, бактылуу боло элекмин. Албетте, сөз ыргытып, колумду сурагандар болбой койгон жок. Бирок эмнегедир бирөө да жакпай жатты. Ошентип жашым 28ге жетип, күйөөдөн куру калдым. Айылга соңку жолу качан барганым такыр эсимде жок. Коколой башым менен жалгыз баргандан иттей уялам... 

Билесиздерби, күйөөсү бар аялдарды жек көрөм. Алар менин бактымды, ырыскымды уурдап кеткендей сезем. Аттиң, качан турмушка чыгып, эне статусуна ээ болуп, бактылуу болоор экем?..

Кыздар, сиңдилерим, эч качан “турмушка чыкпайм” деп айтпагыла. Жалгыздык өтө жаман нерсе. Кийин баары кеч болгондо өкүнүп каласыңар…

Бактыгүл, Базар-Коргон шаары

Булак: AibekNur.kg

Бөлүшүү:



Тектеш материалдар:

Эң көп окулгандар
“Казакстанда коронавирус катталды” деген билдирүү тарап жатат
(Видео) Индиядан келген дааватчылар милицияга баш ийбей коюшкан
“30-апрелде карантин токтосо, 100 миңдеген адамдардын өмүрүнө коркунуч келтиребиз”
(Видео) Садыр Жапаров кудаларына тебетей тараткан тасма тарады
Калдарбек Абдраманов: “Эч кандай экинчи-үчүнчү толкун жок, болбойт дагы!”
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Молдокенин моокум кандыра албаган тасмасы...
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер