Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү өткөн жылга салыштырмалуу 1,2 миллиард кубометрге аз


2026-жылдын 9-мартында саат 07:00гө карата, “Электр станциялары” ААКнын суткалык маалыматына ылайык, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 7 миллиард 231,98 миллион кубометрди түздү.
Суунун агып кириши 197 кубометр/секунд, ал эми Токтогул ГЭСинин гидроагрегаттары аркылуу чыгышы 405/326 кубометр/секунд болду.
Ал эми 2025-жылдын 9-мартында көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болгон: Суу сактагычтагы суунун көлөмү 8 миллиард 462,60 миллион кубометр, агып кирүү 180 кубометр/секунд, гидроагрегаттар аркылуу чыгышы 498 кубометр/секунд.
Демек, быйыл суунун көлөмү 1 миллиард 230,62 миллион кубометрге аз. Республика боюнча суткалык электр энергиясын өндүрүү 37 миллион 227 миң кВт/саат, ал эми керектөө 59 миллион 797 миң кВт/саатты түздү.
Импорттолгон электр энергиясы жалпы 22 миллион 570 миң кВт/саат, анын ичинен:
Казакстандан – 12,1 миллион кВт/саат,
Өзбекстандан – 7,3 миллион кВт/саат,
Түркмөнстандан – 3,1 миллион кВт/саат.
Жакынкы күндөрү өлкөдө аба ырайынын кескин суукташына байланыштуу электр энергиясына болгон керектөө дагы да кескин өсүшү мүмкүн. Борбордук Азия өлкөлөрүнө жана Казакстанга түндүктөн арктикалык антициклон кирип келиши күтүлүп жатат. Анын натыйжасында абанын температурасы кескин төмөндөйт. Казакстандын түндүк аймактарында -30 градуска чейин суук болушу мүмкүн деп болжолдонууда. Ушуга байланыштуу коңшу мамлекеттер Кыргызстанга электр энергиясын мурдагыдай көлөмдө экспорттой албай калышы мүмкүн. Мындай шартта Кыргыз Республикасынын энергетика министрлиги Токтогул суу сактагычынан суунун чыгымын 500–550 кубометр/секундга чейин көбөйтүүгө аргасыз болушу ыктымал, эгерде республика боюнча электр энергиясын керектөө 60 миллион кВт/сааттан ашып кетсе... Мунун натыйжасында профильдик министрлик 2026-жылдын 1-апрелине чейин суу сактагычтагы суунун көлөмүн критикалык деңгээлге чейин азайтып алышы ыктымал. Бул болсо Кыргыз Республикасынын улуттук жана энергетикалык коопсуздугу менен түздөн-түз байланышкан өтө кооптуу жагдай.
КР президентинин 2023-жылдын 24-июлундагы №178 Жарлыгы менен энергетика тармагында өзгөчө кырдаал режими 2023-жылдын 1-августунан тартып 2026-жылдын 31-декабрына чейин киргизилген. Бул жарлыктын негизги максаты – калкты жана экономиканын баардык тармактарын электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу. Мамлекет башчысынын бул жарлыгын аткаруу боюнча жеке жоопкерчилик КР энергетика министри Таалайбек Ибраевге жүктөлгөн.
Расул Умбеталиев, көз карандысыз ТЭК эксперти, “Электр станциялары” ААКнын акционери











