Акыркы кабарлар
» Саясат » “Гүлен кыймылы” кыргыз-түрк мамилесине таасир этери айтылды
“Гүлен кыймылы” кыргыз-түрк мамилесине таасир этери айтылды
28-июнь, 12:02

Кыргызстандагы Түркиянын элчилиги Түркиянын улуу улуттук жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоптун 23-24-июнь күндөрдөгү Бишкектеги сапары жөнүндө кенен маалымат таратып, анда кыргыз бийлигине “ФЕТО” (ред: түрк бийлиги Гүлендин кыймылын ушинтип атайт) уюмунун коркунучу жөнүндө эскерткенин кабарлаган.
Элчиликтин маалыматына ылайык, түрк парламентинин төрагасы президент Жапаровго 2016-жылы 15-июлдагы Түркиядагы окуя жөнүндө маалымат берип, бир нече өлкө “ФЕТОго” тийешелүү мекемелерди расмий Анкарага өткөрүп бергенин айткан.
“ФЕТО” иш алып барган өлкөлөрдө Түркия менен ал өлкөнүн ортосундагы карым-катнаштарды бузууга аракет кылууда. 15-июль тууралуу Кыргызстанда өткөн иш-чара мамлекеттик кызматкерлер тарабынан териштирилгенин уктук. Буга кошумча, эки өлкөнүн ортосунда ачылган кыргыз-түрк “Манас” университети бар жана бул окуу жайдын ишинде бир топ тоскоолдуктар болуп жатканын билдик. Бул аркылуу алар эки өлкөнүн мамилесине терс көрүнүш жаратууга аракет кылып жатышат” деп айтылат элчиликтин маалыматында.