Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Индира Джолдубаевага "чапташкан" Алмаз Маткасымов камалбайбы?

Индира Джолдубаевага "чапташкан" Алмаз Маткасымов камалбайбы?

09-август, 16:31
1 240 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мурдагы бийликтин тушунда өтө оор кылмыш иштерине шектүү Алмаз Маткасымов деген “шумпай” бар болчу. Бул эргул президенттик аппараттын юридикалык бөлүмүндө иштеп (кожойкеси Индира Джолдубаевага чапташып), андан кийин УКМКда кызмат кылган. “Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууп” дегендей, аңызы аба булгайт...

Дал ошол кездерде сотторду көзөмөлдөп, мыйзамсыз чечимдерди чыгартып, саясый куугунтуктарды жүргүзүүдө жана бизнесмендерди “сындырууда” ашынып кеткени жалганбы? Акүйдөгү лөктөрдүн, ошол эле Манас Арабаевдин айдактамасы аркылуу ыпластыкты кесипке айлантып алганын кантебиз? Бул боюнча “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев Жогорку Кеңештин трибунасынан айтып, Алмаз Маткасымовдун акылга сыйбаган жоруктарын ашкерелеген болчу. 1937-жылкы репрессия жүргүзүүчү жасоолдун образына салыштырып...

Ошентип, Алмаз Маткасымов президенттик аппараттагы, УКМКдагы миссиясы бүткөндөн кийин ИИМдин 7-башкармалыгынын тыңшоо бөлүмүнө келип, кайрадан “кан ичкени” калганда депутат Тынчтык Шайназаров жаңы дайындалып аткан министр Кашкар Жунушалиевге Жогорку Кеңештен кайрылып, кыңыр иштеринен кеп салат. Көчүгү “калбырлуу” неме дароо ИИМдин имаратынан качып чыкканы эсибизде. Бирок, көп өтпөй “Манас” эл аралык аэропортуна майлуу кызматка орношуп, эч нерсе кылбагандай жыргап жүргөнү түшүнүксүз... 

“Карга карганын көзүн чокубайт” деген лакап бар. Убагында Алмаз Маткасымов сотторго мыйзамсыз буйрук берип, көптөгөн адамдардын убалына калганы, натыйжада, жазаланбай жатканы кандай? Эртеби-кечпи кылган ишинин энчисин мыйзамдуу талаада алышы шарт. Же каргыш, ый-муң акыры урса керек! Баса, буга карата Кудайдын жазасын күткүчө “Мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш ишин козгоп, №1 СИЗОго киргизип, ичип-жегенин мамлекетке кустурса болбойбу? Бишкектеги ондогон үйлөрдү, Сокулуктагы асыл тукум жылкыларды, мал чарбасын кайсы айлыгына алды эле? Дыкат териштирсе коррупциялык элементтер калкып чыгат да, туурабы? 

Кыскасы, УКМК, башкы прокуратура Алмаз Маткасымовдун өткөн чактагы ишмердигин, байлыгын иликтесе эле торго түшөт. Мындай “шылуундар” жазасын алганда гана башкаларга сабак болуп, мамлекеттик кызматтагылар сестенишип, ыплас жолдон этияттап калышмак эй!..

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер