Акыркы кабарлар
» Саясат » Былтыр “Мекеним Кыргызстандан” чыгарылган Жапаров менен Иманалиевдин таскагы
Былтыр “Мекеним Кыргызстандан” чыгарылган Жапаров менен Иманалиевдин таскагы
15-ноябрь, 15:34


Өткөн парламенттик шайлоонун айрым оош-кыйыштары баарына эле белгилүү эмес. Мисалы, Акылбек Жапаров менен Каныбек Иманалиев “Мекеним Кыргызстан” партиясынын тизмесине киришип, курултай өткөрүлгөндөн соң чыгарылган. “Ички кухняда” кыйла талаш-тартыштар жаралып, жыдып калышкан береги эки лөктүн учурдагы абалы жакшы. Акылбек Жапаров министрлер кабинетин жетектеп, таасирдүү адамга айланды. Ал эми Каныбек Иманалиев бир мандаттуу Аламүдүн округунан депутаттыкка ат салышып, рейтинги жагынан алдыда баратканын сурамжылоолор көрсөтүүдө. Былтыр жыдыгандар быйыл баар табышып, эки саясатчынын гүлү ачылат окшойт. А эртеңки күндөрү кандай болору бир Кудайдын колунда...
"Азия Ньюс" гезити