Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Сакалчандарга Сүйүнбек Касмамбетов насаат айтып, нарктан кулактарына куйса болмок

Сакалчандарга Сүйүнбек Касмамбетов насаат айтып, нарктан кулактарына куйса болмок

08-август, 10:30
454 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Албетте, бул көңүл бура турган олуттуу маселе. Он гүлүнүн бири ачыла эле балакай балдардан тарта жигит, мырзаларга чейин сакал коюу адатка айланды. “Кой” деген кожо, “ай” дечү ажо жокпу? Эмнеге кейиштүү образга алдырып, башыбыз айланып калды? Аң-сезимден ажырагандай абалда калгандайбыз...

Кыргыз балбандары дээрлик чокчо сакал коюшуп, сырткы түспөлдөрү көзгө өөн учурап калды го? Бул эмнени билдирет? Динге чылгый сугарылгандыкпы? Адатта улуттук уңгудагы жигиттерибиз эч качан сакал койгон эмес. Мындай тарыхта да жок. Кыргыз мырзалары кыл мурут коюшкан. Аталары тирүү кезинде балдары ээктерине эки тал да кыл өстүрүшкөн эмес. Жаштар үлгү ала турган балбандарыбыздын сырткы көрүнүшүнө мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов насаат айтып, нарктан кулактарына куюп койсо болмок. Эми да кеч эмес, эртеңки келечекти бүгүн ойлойлу.

Азыр коомчулукта ушундайлар көбөйдү. Каякты караба, көпчүлүк жерде жыйырмадан жаңы ашкан балдар “эчки сакал” менен эрбеңдеп жүрүшкөнү таңгалдырат. Жараша береби? Улуттук идеологияны карманып, байыркы баба тарыхынын жолундагы чыйырыбызды уласак жарашмак. Тилекке каршы, арабдардын, пакистандыктардын диний көз карашында сазга батып бараткандайбыз. Сүйүнбек ага “чочоңдогондорду” тартипке чакырып, таасирдүү кебин айта алабы? Эмесе, күдөр үзбөй туралы. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер