Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Тойдон келаткан артисттер кырсыкка кабылып, төртөө каза болду

Тойдон келаткан артисттер кырсыкка кабылып, төртөө каза болду

11-ноябрь, 13:12
948 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кечээ, Балыкчы шаарындагы тойканалардын биринде тойго кызмат көрсөтүп, чыгып келе жатышкан чыгармачыл топ Балыкчы - Кочкор автоунаа жолундагы кырсыкка кабылышты. Арасында каза болгондор бар.

Бир машиненин ичинде бараткан беш киши автокырсыкка кабылып, төртөө көз жумганы айтылууда. Алардын арасында төкмө акын, актёр Акжолтой Канат уулу кырсыктан каза болду. Жүргүнчүлөрдүн бири учурда Кочкордогу ооруканада эсине келе албай жатат. Акжол Канат уулунун жанында жубайы да болгон. Машинени кочкорлук ырчы жигит Жоомарт Алмазбеков айдап бараткан. Кечээ Кочкор районуна кар жаап, кар жолдогу тайгакта машиненин тормозу иштебей, жолдун четине чыгып кеткен.  

Акжолтой Канат уулу таанымал төкмө акын маркум Майра Керим кызынын уулу. Ырчы катары бир нече республикалык айтыштарга катышып алдыңкы орундарга ээ болуп, тасмаларга да тартылып, актердук чеберчилигин көрсөтүп жүргөн. Акындын үйлөнгөнүнө эки гана ай болгон. Быйыл ал 26 жашка чыкканы айтылууда. 

Aryba.kg


Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер