Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Коомчулук тарабынан катуу сынга алынган кадрлар кызматтарга дайындалууда”

“Коомчулук тарабынан катуу сынга алынган кадрлар кызматтарга дайындалууда”

25-октябрь, 20:33
741 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

“Учурдагы кадрдык дайындоолорго сын пикир күчөп баратат. Кандай оркойгон кемчиликтерди көрүп атасыз? Мисалы, кимдердин кызматка келүүсүнө каршысыз?” деген собол таштадык.  

Артур Медетбеков, коомдук ишмер:

-- Бүгүнкү күндө Кыргызстан өтө кыйын, өтө татаал кырдаалда жашап жатат. 5-октябрда болгон окуядан кийин ар кайсы партиядан түзүлгөн өкмөт мүчөлөрү келди. Алардын арасында “Чоң казат”, “Ыйман нуру”, “Мекенчил”, “Республика”, ж.б. партиялардын мүчөлөрү иштей баштады. Бирок, ушул өкмөт мүчөлөрү алдыда боло турган парламенттик шайлоого чейинки 2-3 ай убакыт ичинде өлкөнү каатчылыктан алып чыгып кете алат дегенден алысмын. Буга эл да, коомчулук да ишене бербейт. Анткени, булар убактылуу келген өкмөт мүчөлөрү. Экинчиден, көптөгөн башкармалыктар, андан тышкары министрлик, ведомство жетекчилеринин орун басарлары, баягы эле Жээнбековдун койгон кадрлары иштешүүдө. Үчүнчүдөн, коррупциялык схемалар менен шугулданган, ушул жагынан өзгөчө мамлекеттик кызматтарды тейлеген транспорт, ГРС, бажы, салык системаларында бири-бирине тыйын ташыган, тебелеп-тепсеп жүргөн кызматкерлердин алигүнчө ошол жерде жүргөндөрү кейиштүү абалды жаратууда. Салык менен бажы системасына жаңы келген жетекчилер коомчулук тарабынан абдан катуу сынга алынып, алар буга макул болбой аткандарын соцтармактарда билдирип атышат. Демек, мындай жагдайлар дагы деле эч нерсе өзгөрбөгөнүн, эч бир реформанын башатын түзө албай аткандарынан кабар берип атат.

Эрлан Жамгырчиев, коомдук ишмер:

-- Акыркы учурдагы дайындоолор кызык болууда. Төңкөрүшкө катышкан, ысык-суукта жанында жүргөн, тууганчылык, жердешчилик жана башка саясый күчтөр менен соодалашуу таризинде жүрүп жаткандай. Ыкчам дайындоолор шайлоого даярдык жана админресурсту пайдаланууга умтулуу болжонуп жатканынан кабар берет. Учурда дайындалган кадрлар “шайлоодо сиз айткандай иштеп беребиз” деп убадалашкан өңдүү. Учурдагы дайындоолордон кесипкөйлөрдү, эмгегин баалаган кадрларды көрбөй турам. Бул күндөрдүн эртеңи кандай болору бүдөмүк. Алсак, бажы башчысына Кадыржан Семетеев келди. Бул адам Эркин Мамбеталиевдин жакын адамы турбайбы. “Досуңду көрсөтчү, сенин ким экениңди айтып берейин” деген кептин маңызын чечмелеп көрбөйлүбү?..

Жылдыз Жолдошова, коомдук ишмер:

-- Мен азыр коомдо болуп аткан нерселерге катышкан жокмун. Элде “Камчыбек Ташиев менен Жылдызкан Жолдошова Садыр Жапаровду апкелип, президенттин милдетин аткаруучу кылып койду” деп айтылып атыптыр. Жок, мекендештер, андай эмес. Садыр Жапаров мени аралыштарган жок, ушуну билип койсоңор. Эгер Садыр Жапаров Исхак Раззаковдой таза иштебесе, анда мен биринчилерден болуп каршы чыгуума туура келет. Сталин “кадрлар баарын чечет” деп айткан. Бул да бекеринен эмес чыгар. Ошон үчүн Садыр Нуркожоевич айланасына эң таза кадрларды апкелиш керек. Кайсы гана орун болбосун, кичине-чоңу дебей. Азыр карап, байкап көрсөм, президенттин милдетин аткаруучу Садыр инимдин айланасына эл билбеген, калың журт ынанбагандар пайда болуп атканы мени таңгалдырып атат. Чукул арада ошолордон тазаланбаса, аягы жакшылыкка апкелбейт. Эми баарын айткан жокмун, арасында жүрүшөт...


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер