Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төлөбек Бейшенбеков: “Максатыбыз – китепкананы маданий очокко айлантуу"

Төлөбек Бейшенбеков: “Максатыбыз – китепкананы маданий очокко айлантуу"

10-август, 21:53
1 792 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Балыкчыда жакшы саамалык болуп, чакан китеп окуу жайы ачылды. Муну ачууга, иштетүүгө эмне түрткү болду? Негизги максатыңыз кандай?

-- Негизи бул китеп-кафетерийин ачардан мурда балыкчылыктардан сурамжылоо жүргүздүк. Анда “китеп окууга ыңгайлуу шарттары менен жай жарашса жакшы болор эле” деген ойлор көп айтылды. Ошону биз кагаз бетине түшүрүп, германиялык кызматташтык уюмуна долбоор кылып жаздык. Натыйжада, бул долбоор ишке ашты. Максатыбыз – ушул жер маданий очок болуп, китеп окуу менен бирге убакытты пайдалуу өткөрүү борборуна айланса дейбиз. 

-- Китеп окуу борборунун мындан ары алгылыктуу иштеп кетиши үчүн кандай аракеттер көрүлөт? Адамдарды китеп дүйнөсүнө тарта билүү дагы маанилүү болсо керек?

-- Чындыгында эле адамдар азыркы күндө китеп окуу маданиятынан өтө алыстап кетти. Көртирлик менен гана алекпиз. “Ким китеп окумак эле? Китепканаңа ким барат?” деген өңдүү сөздөр болду. Бирок, адамдарга бул нерсе керек. Аны берүү маанилүү. Окуу башталган кезде дагы китеп окууга келгендердин саны артат. Келечекте поэзия, проза кечелерин өткөрүп, тез окуу курстарын кылууга пландар бар. Интеллектуалдык оюндарды өткөрүү ойлорубуз да жок эмес

-- Китепти окуу шарттары тууралуу айтсаңыз?

-- Азыркы күндө окулуп жаткан китептерди 62 миң сомго алып келип койдук. Бул, албетте, өтө аз. Азыр борбордогу китеп дүкөндөрү менен дагы сүйлөшүп, элден буюртмаларды алып атабыз. Көпчүлүктүн сатып алганга мүмкүнчүлүгү жок болгондуктан, эки вариант менен беребиз. Биринчиси, үйгө ижарага 1 жумага 60 сомго алып кетүү. Экинчиси, 300 сомго 1 айлык абонемент менен берүү. Анда адам каалаган убагында келип окуй берсе болот. Анан дагы китеп алмашуу системасы менен дагы окууга шарттарды түзүүнү карап жатабыз. 


Мээрим Асанова 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер