Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бурулай менен Айзаданын өлүмү: кайдыгер жетекчилер карьералык секирик жасашканда

Бурулай менен Айзаданын өлүмү: кайдыгер жетекчилер карьералык секирик жасашканда

13-апрель, 12:22
1 279 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Былтыр 5-апрелде бейкүнөө Айзада жанкечти тарабынан уурдалып, талаада өлтүрүлгөн. Бул окуя боюнча Бишкек ШИИБнин начальниги Бакыт Матмусаев жана башка тийешелүү жетекчилер кызматтарынан алынышкан эле. Каргашалуу окуяга түздөн-түз күнөөлүү – криминалдык милициянын башчысы Улан Айтбаев бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын начальниги. Дал ушул жигиттин айынан оор кылмышка кайдыгер мамиле жасалган... 

Булардын кайрадан кызматтарга келишине моралдык укуктары барбы? Эмне үчүн жеңил жаза менен буйтап кетишкен? Баардыгы шалаакылык жасашканы аныкталган. Убакыт өткөн соң, алар тийешелүү жазаларын албастан, камырдан кыл сууругандай кутулуп кетишкенин кара! Ооба, фамилияларын атай берсең, тизме узарат дечи...

Тилекке каршы, Бакыт Матмусаев ИИМ башкармалыгын жетектеп атканы кабарланды. Бул полковник бир канча ай мурда мас абалда рулга отуруп, жол кырсыгын жасаганы, үч машинаны катары менен уруп кеткени жалганбы? Жабыркагандар кантишти? Жашыруун түрдө баарын жайгарып, анан кайра кутура береби? Эмне үчүн учурунда кызматтык иликтөө тыкыр жүргөн эмес? Ушул суроолорго ким жооп берет?  

Баса, дагы бир кайгылуу окуяны эстейли. Убагында Бурулайды арачалап калууга Чүй ОИИБнин начальниги Нурлан Сарчаев, орун басары Марлис Асанов ж.б. жетекчилер киришкенде трагедиялуу өлүм болмок эмес. Агезде да бир канча “кызыл шапкечендер” айыпталуу таризинде кызматтарынан алынышкан. Көрсө, убактылуу гана көз жазгыруу болуптур. Мисалы, учурда Нурлан Сарчаев ЖАМК жетекчисинин орун басары, Марлис Асанов Талас ОИИБ начальниги катары бакытка бөлөнүп жүрүшөт... Эмнеге өткөндөн сабак албайбыз? 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер