Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бульвардык идеологиянын анабашындагы Чолпонбек Абыкеевдин чаргытмасы

Бульвардык идеологиянын анабашындагы Чолпонбек Абыкеевдин чаргытмасы

21-август, 11:18
1 815 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Мамкатчы болуп дайындалганына эки айдын жүзү болсо да идеология тууралуу эки ооз сөзү жок, же кылган ишинен дайынсыз башкы идеолог Чолпонбек Абыкеев эмне менен алек болуп жатат (?) деген суроо өзүнөн өзү жаралууда. Ал ортодо талибандар Афганистанды басып алды. Мамкатчы дагы деле ага карата өз оюн билдирип, ооз ачканга жарабады. Же “мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин этикасын текшерет элем” деп алаканын ушалап отурабы? Болбосо “көнгөн адат калабы” деп, Көкүйдө отуруп алып, “Бриллиант жыландын” уландысын жазып жатабы? Же адатынча “өрдөктөрүн” учуруп коюп, Көкүйдөгүлөрдүн оозун ачырып жүрөбү? Анткени бир журналист “Бриллиант жылан” ошончолук окумдуу, ошончолук нускалуу болсо, эмне себептен мамлекеттик бир да сыйлык алган эмес?” деп суроо узатса, Ч.Абыкеев “эсептеп көрсөм, 20 жылдан бери оппозицияда жүрүптүрмүн, ошон үчүн сыйлык албай калыптыр” деп кызылдай калпты айтып жооп бериптир. Бу Чолпонбек Абыкеев качан, кайсы бийликке оппозиционер болгону азырынча белгисиз. Дагынкысы дагы бар дегендей, бул мамкатчынын өнөрлөрү көп...

Адабиятчылар болсо Чолпонбек Абыкеевди Айгүл Шарше, Капарбек Сөлпиев, Бердикожо Бийназаров, Орозбек Бердигулов сыяктуу бульвардык адабияттын “кыраандарынын” катарына кошуп жүрүшөт. Чолпонбек Абыкеевдин “шедеврлери” сыяктуу сериалдарды “Супер-инфо” гезитинин журналисттери көбүртүп-жабыртып, алеки заматта жаза коюп, сандан-санга жарыялап келатышат. Бирок алар Абыкеевге окшоп “мени жүз миң киши окуду” деп мактанбайт. Себеби, алар окурманды убактылуу алаксытып, руханий дүйнөсүн жардыланткан, коммерциялык максатты көздөгөн, адабий-эстетикалык наркы жок массалык адабияттын туундусун берип жатканын жакшы түшүнүшөт. Чолпонбек Абыкеев болсо элдин башын айландырган массалык адабият менен чоң адабияттын айырмасын билбей, “мени окуп жатышат” деп мактанып, маектеринде Ч.Айтматов менен Г.Маркести оозанып, салабаттуу көрүнүш үчүн жасалма образ түзүп, олуттуу жазуучу болуп көрүнүүгө аракет жасайт. Ал Эжен Сю менен Бальзактын, Фаддей Булгарин менен Лев Толстойдун ортосундагы асман менен жердей айырманы деле билбейт окшойт. Чыгарма көп окулганы, же көп сатылганы менен өлчөнбөйт, ал критерий эмес. Чыгарма жандуу түзүлгөн образ, жанрга алып келген чыныгы көркөм-эстетикалык жаңылыгы, түбөлүктүү идеясы, көркөм наркы менен бааланат. Ушундай олуттуу чен-өлчөмдөр менен караганда, Чолпонбек Абыкеевдин көп окулуп жатат деген “Бриллиант жылан”, “Кызыл көйнөкчөн келин” сыяктуу китептери сокур тыйынга арзыбай калат.

 Ошентип, кыргыз бульвардык адабиятынын анабышы Чолпонбек Абыкеев мамкатчы кызматында турганда мамлекеттик идеологиябыз да бульвардык идеология болору шексиз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер