Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Келчи жаным? Эркектик ишиңди кыл, чыдабай баратам...” деди Перизат

«Келчи жаным? Эркектик ишиңди кыл, чыдабай баратам...” деди Перизат

05-ноябрь, 01:23
1 196 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Биз кыз берип, кудалар алдыбызга келишти. Бир чыныдан чай ичип, “кол чайкамай” (биринчи бешбармак) тамактан кийин бийге чакырдык. Ара-чолодо “оттуу суудан” алдырып аттык. Бир колумда чучук, казы-карта салынган табак, бир колумда ар кыл ичимдик. Кудалар тарапта ай десе айдай, күн десе күндөй сулуу келинге барып “каалаганыңызды ичиңиз” дедим. Табакта турган бир стакан коньякты “аңтарып” салды. Он мүнөткө жетпей баягы келинге дагы келдим. Дагы бир стакан коньякты ичип ийди. Кудагыйдын сиңдиси, аты Перизат экен. Аны таанышканда билдим. Кудалар отурган жерге кирип барсам эле “миң жылдык куда бололу” деген каалоо-тилектер. Эки саатка жетпей кайра бийге чыгышты. Мен адатымча “алдырып” жүрөм. Перизаттын жанына келгенде “кана меники?” деп коньякты алып ийди. Кызып калды. Бир маалда мага келип, “алма бакты аралатып келиңизчи, ой, кана алма бак барбы?” деди. Табактарды столго коё салып, Перизатты алма бакка колтугунан ала жетелеп кеттим. Музыка үнү угулбай калды. Көк чөпкө отурдук. Андан ары Перизат чалкасынан жатып калды. Ээги менен эптеп кыбыратып, “келчи жаным, эркектик ишиңди кыл, чыдабай баратам” деп этек-учун өзү түрө, капкараңгы түндө аппак денесин жылаңачтады. Ансыз да араң турган жаным айкалыша кеттик. Азап экен. “Дагы... эми бир жолу кумарымды кандырчы?” дебеспи. А мен кайда, демейде бирден ашпаган, эки жолу “белден” аштым. Үчүнчүсү... Болду!


Сурат Жылкычиев  

Aryba.kg

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер