Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Артур Медетбеков: “Бизде да террордук-экстремисттик топтор тополоңдорду күтүп жатышат”

Артур Медетбеков: “Бизде да террордук-экстремисттик топтор тополоңдорду күтүп жатышат”

11-ноябрь, 18:42
820 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Артур мырза, шайлоо да өтөт, бирок өлкө коопсуздугу унутта калбашы керек. Диний радикалдар мындай шартта мамлекеттин туруктуулугуна шек келтирбейби? Кепилдик барбы? Сиздин сунушуңуз?

-- Алдыда боло турган шайлоо Кыргызстандын тарыхын, түзүлүшүн, мамлекет катары бүтүндүгүн жана элдин тагдырын чече турган чоң бир сыноо болот. Ошол сыноодон акыйкаттуу, адилеттүү өтүш үчүн эки тараптын тең кошкон салымы эбегейсиз. Биринчиси, эң негизгиси бийликтен. Алар канчалык деңгээлде туура, админресурска жол бербей, өздөрүнүн иштерине бекем туруп, мыйзамды бийик тутса, бу чоң жетишкендик болуп эсептелет. Экинчиси, бул шайлоочулар менен шайлануучулар. Эгер алар өздөрү провокация кылышпай, мамлекетте болуп аткан кыйынчылыктарга байланышкан энергетикалык, экономикалык, азык-түлүк, күйүүчү май кризистерине шылтоолошуп, кандайдыр бир шайлоонун шайтан иштерин башташып, андан ары башаламандык болуп кетсе, албетте, ушу жагдайдан диндик экстремисттик топтордун мамлекеттин бүтүндүгүнө, коопсуздугуна шек келтирбейт (!) деп эч ким кепилдик бере албайт. Себеп, 2010-жылы ушундай жагдайлар катталган. Ошондуктан бүгүнкү күндө биздин укук коргоо органдары, коомчулук Афганистанда болуп аткан окуяларды эстеп, Кыргызстандан миңге жакын жаш улан-кыздардын согушка катышып, террордук-экстремисттик жумушта шугулданып жүрүшкөнүн эсибизден чыгарбайлы, аларга жардам берип аткан ячейкалар аздыр-көптүр тополоңдорду күтүп жатышат. Кокус жагдай өзгөрүлгөн болсо, учурдан пайдаланып кетиши мүмкүн. Мындан сырткары, соцтармактарда ошол эле Афганистанда “Талибан” деген дүйнөнү дүңгүрөткөн террорчу кыймылдар бийликке келгенде биздин Кыргызстандын кээ бир аткаминерлери, саясатчылар, дин чөйрөсүндөгү имамдар туура эмес багыттагы маалыматтарды беришип, ошол талибандарды колдошуп, мактагандары бизге белгилүү. Демек, кандай болгон күндө да дал ушул тармак бүгүнкү күндө терроризм менен экстремизмдин Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга коркунуч жаратарын далилдеп турат.


Сурат Жылкычиев 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер