Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун кемтиги...

Өкмөт башчы Улукбек Мариповдун кемтиги...

13-март, 12:25
905 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Атамбаевдин, Жээнбековдун доорунда министрлик менен ведомстволук ишканаларда “кадрларды оптимизация жасап атабыз” демиш болуп, кыскартып, экинчи жагынан, кайра кимдир бирөө үчүн ачып берип коюшчу. Кудум азыр дагы ушундай көрүнүш кайталанып жаткандай. Дегеним, “оптимизация” деп Атамбаев убагында Бишкек шаары менен Чүй облусунун, Ош шаары менен Ош облусунун, Жалал-Абад шаары менен Жалал-Абад облусунун мекеме-ишканаларын бириктирген учурлары болгон, а азыр болсо аларды кайрадан бөлүп, кимдир бирөөлөр өз-өзүнчө начальниктик орун камдап жатышат. Алтургай агенттиктер менен статс-катчыны жойгондун ордуна (угушубузга караганда), аларга дагы жылуу орун камдап, аталышын өзгөртүп, “аппарат башчы” дегенди ачып берип жатышыптыр. 

Ээ айланайындар, анда мындай оптимизациянын, кыскартуунун кандай зарылчылыгы бар эле? Кыскартууну ириде ушул орун басарлардан, статс-катчылардан баштоо керек эмеспи? Бир директордо 3-4 орун басарлар бар, алар мамлекеттин мойнуна отуруп алып, эч иш кылбастан 50-60 миңдеп айлык маяна алып отурушат. Бийликтегилер мына ушуларды жойгондун ордуна жоопкерчиликсиз башкаруу системасын кайрадан түзүп жатышкандай...  


Болуш Султанов 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер