Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » «Кашкар Жунушалиев менен Жеңиш Разаков камакка алынышы зарыл!»

«Кашкар Жунушалиев менен Жеңиш Разаков камакка алынышы зарыл!»

01-октябрь, 15:07
1 551 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
«ИИМдеги реформадан кабарыңыз барбы? Кайсы жаатта иш жүрбөй жатат? Коррупция менен күрөшүүдө жылыштарды байкап атасызбы? Жаңы кодекстер...» деген соболду коомдук ишмерлерге берип көрдүк.

Жылдыз ЖОЛДОШОВА, коомдук ишмер:
– КР ИИМде миңдеген кызматкерлер иштейт. Деги эле ИИМде реформа жүргүзүү татаал процесс, көптөгөн каражатты жана билимдүү кадрларды талап кылат. Мындай карасаң, профессионалдар иштешет, бирок кийинки учурда, тилекке каршы, бири-бирине ишенбөө орун алганы байкалып турат. ИИМде бири- бирине ишенбесе, интригага жол беришсе, атаандаштык, көралбастык пайда болгон жерде реформа эмес, жыйынтыктуу иштөө кыйын. Мен борбор калаабыздагы эле ИИМдин чийки иштери тууралуу айттым. Ал эми облус, райондорду айтпай тек коёюн. Ал жерлерде башаламандык четинен чыкса керек. ИИМдин мындай ыраатсыздыктары акыркы учурда абдан көбөйүп кетти. Өлкө президенти жарыя кылган коррупция менен болгон күрөшкө колкабыш кылуунун ордуна алар тескерисинче коррупцияны гүлдөтүп атышкандай таасир калтырат. Реформанын жыты жыттанбайт. Реформаны жамынып алып, ИИМдин кадыр-баркын абдан төмөн түшүрүп салышты.
Марат ИМАНКУЛОВ, коомдук ишмер:
– ИИМдеги реформа тууралуу сөз жылда эле болуп келатат. Бирок, чынында эле алдыга жылуу байкалган жок. Эмнеге дегенде, реформанын алдыга койгон бир топ максаттары болуш керек. Биринчиден, реформа жасай турган органдын ишинин эффективдүүлүгүн көтөрүү. Экинчиден, ичиндеги кызматкерлерди тазалоо. Үчүнчүдөн, коомчулукту ынандыруу. Биздин ИИМде ушулардын бирөө да байкалган жок. Быйылтан баштап жаңы кодекстер ишке кирди. ИИМдин ичинде оперативдик кызматтар эмне кыларын билбей, чаташып жаткан мезгил. Көп кодекстердин талаптары мурдагы кызматтардын иштерине карама-каршы болуп атат. Аларды убагында кынаптап, туура багытка бет алуу жагына аракеттери болбой, кыйналып жаткандары байкалат. Ушунун аркасынан оперативдик кызматта иштеп аткандар ишин таштап кетип аткандарын угуп атам. Реформа кылып атып, кылмыштуулукту азайтуу, тартипти сактоодо бул органдын мааниси өтө жогору экенин баалай албай, «артык кылабыз деп тыртык кылып» алышпаса экен деп чочулай берем. Акыркы убакта ИИМ кызматкерлерине байланыштуу чуулгандуу окуялар болуп кетти. Анын баарын коомчулук билип атат. Аны болтурбоо керек эле. «Бир карын майды бир кумалак чиритет» дегендей, ИИМдин кадыр-баркын түшүрүп аткан кызматкерлерди аныктап чыгып, алардан арылуубуз абзел.
Ирина КАРАМУШКИНА, ЖК депутаты:
– Укук коргоо органдары, анын ичинде ИИМде реформа жүргүзүү деген ишке ашкан жок. Милиция карапайым элдин укугун коргоонун ордуна жазалоо органына айланды. Буга мисал катары 7-8 августтагы окуяны айтса болот, андагы экс-президентти камакка алуу жаатында абдан уят ишти кылышты. Элге ИИМдин абдан туура эмес жүзүн көргөзүштү. Реформага даярдык иштерин кылууда кесипкөй адистердин сунуштарын жана алардын иш тажрыйбаларын эске алуунун ордуна ОБСЕнин ар кыл тренингдеги диктовкасы алдында элдик толкундоодо кандай курал-жабдыктарды колдонуусу керек (?) деген көрсөтмөсүн иш жүзүнө ашырууга умтулушту. Патрулдук милиция отрядын куроодо биз коопсуз шаар, жол кырсыктарынын алдын алуучу иштерди жасайт, бул система айып санкциясы аркылуу мамлекеттик бюджетке каржылар түшө баштаса керек (!) деп үмүттөнгөнбүз. Андай болгон жок. МАИ мурун кай жерде турса, азыр деле ошол жерде туруп алып, ошол жерден эле акчаны «шыпырып» атканына коомчулук күбө болууда. Кой-Таштагы спецоперация ИИМдин ашмалтайын чыгарып, аброюн абдан төмөн түшүрүп, элге уят болгонунан кабар берет. Бул орган бүгүнкү күндө элдин нааразычылыгын жаратканы жана коррупцияга батканы боюнча сап башында турган орган катары эле таккесе айтат элем.
Турат МАДЫЛБЕКОВ, коомдук ишмер:
– Мен өзүмө тийешелүүсүнө ыктап жооп кылайын. Дегеним, 30 жыл ИИМдин оперативдик жагында кызмат кылган адам катары жанагы оперативдик иштер боюнча орун басарлык кызматтарды кыскартып салыптыр. Муну кайсы «дурак» (муну жазбай эле кой) кыскарткан? Же реформа десе эле өзүм билемдикке салганбы, айта албайм. Эми караңыз, тегерек четтеги коңшу мамлекеттерди алып көрөлү, алар оперативдик кызматты жоюшкан жок. Россияда, Казакстанда ИИМ жаатында реформа кылардан мурда бүтүндөй институттар менен иштешип, иликтеп, тактап, бир канча убакыт коротушат, «жети өлчөп, бир кесип» дегендей. Мына ошолор да оперативдик кызматты жоюшкан жок. Кызматты жоюу деген акылга сыйбай турган нерсе. Оперативдик кызмат кыскарганга чейин тергөөчү мурун он чакты ишти гана алпарчу. Азыр 70-80 иш мойнуна жүктөлгөн. Бир адам ушунун баарын кыла алабы? Жаңы кодекстердин ишке киргени 9 ай болоюн деп калды. Ушул аралыкта жеке өзүм тергөөчү жана оперативдик кызматкерлер менен жолугуп сүйлөшүп калганымда, аябай нааразычылык күч экенин байкадым. Эл кыйналып атат. Алар арыз менен кайрылганда жалгыз тергөөчү алы келбей, арыздануучулардын көйгөй маселесин создуктуруп, кээ бир учурларда сапаты жагынан өтө начар болуп атканы байкалат. Кылмыш бетинин ачылышы да опурталдуу жакка ыктайт. Жетишпей, чала-була сотко жөнөткөндөн кийин ал жакта да көйгөйлөр жаралат экен. Муну азыркы Жогорку Кеңеш, өкмөт жакшылап карап, тез аранын ичинде кайра калыбына келтирбесе болбойт.
Токтайым ҮМӨТАЛИЕВА, укук коргоочу:
– ИИМде эч качан реформа жүрбөйт. Анткени реформа жасай турган «мафия» 25 жылдан бери отурат. Канча миллиондогон долларды «жеп» коюп, билмексенге салып жүрүшөт. ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана кодекстерди жазган топ – баары камакка алынышы зарыл. Өзүңөр билгендей, кечээ өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев кармалды. Мына ушул киши жумушчу топтун Разаков менен ИИМдин башчысынын оң колу да, сол колу да болуп, эч кимдин айтканын укпай, биздин Башмыйзамга каршы кодекстерди ишке киргизип салышты. УКМКнын кызматкерлерине ыраазычылык билдирем, алар ушу Егор Скобеевди камакка алышыптыр. Бул жарандын жасаган ишин «диверсия» деп эле аташ керек. Мамлекеттин коопсуздугун, анын ичинде укуктук талаанын ташталканын чыгарды. Менимче, ал чечимдерди жалгыз кабыл алган эмес, буга ИИМдин башчысы да катышкан. Ушул да реформабы? Чийки, эч кимге кереги жок кодекстин айынан РИИБлер иштебей калды, ИИМдеги профессионалдар кетип атат. Укук коргоо талаасы талкаланды.
«Азия Ньюс» гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер