Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Чек аранын жабылышы – Токаевдин кыянаттыгы...

Чек аранын жабылышы – Токаевдин кыянаттыгы...

25-август, 13:56
449 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Кыргыз-казак чек арасында, “Ак-Тилек” өткөрмө бекетинде олуттуу көйгөй жаралды. Оор жүк ташуучу беш жүздөн ашык унаа бир канча күндөн бери өтө алышпай, кыйналып аткан чактары. Казак бийлиги баңгизат операциясына шылташып, кыянаттык жасагандай түр көрсөтүштү. Ириде ачык айтышпаганы менен кыргыз тараптан суу кетпей атканына жооп кылышкан окшойт. Албетте, бул акылга сыйбаган көрүнүш. Таластагы Киров суу сактагычы какшып, Казакстанга акпай калган. Расмий Бишкек атайын жасап жаткан жок да, табигаттын кризиси жаралса кантебизТилекке каршы, Касым-Жомарт Токаев президент катары алысты көрө билген, адилеттүү позицияны карманбай, коңшу өлкөгө далысын салгандай кадамга барууда. Качан суу токтогондо чек арасын жаба салуу логикага сыябы? Оор жүк ташыган жүздөгөн унаалардагы жер-жемиштер, азык-түлүктөр мерчемдүү жерине убагында жетпесе, баары чирип, банкроттук абал жаралат. Канча деген ишкерлердин мээнети күйүп кетет? А айдоочулардын азап чеккени, күнүмдүк чыгымдарычы? Ооба, эки ортодо оор шарт жаралды. Жөнөкөй, түшүнүшө турган жагдайда казак бийлиги кастарын тигип, кылдан кыйкым издеп турганын карачы... 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер