Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Азат ИСАКУНОВ: “Калктын саламаттыгы биринчи орунда тургандыктан, мамлекет бул тармакты толук көзөмөлгө алышы зарыл”

Азат ИСАКУНОВ: “Калктын саламаттыгы биринчи орунда тургандыктан, мамлекет бул тармакты толук көзөмөлгө алышы зарыл”

27-ноябрь, 19:27
3 174 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Азат иним “Жашоо булагы” кайрымдуулук фондун жетектейт. Рак илдетине кабылган жаш балдарга кол сунуп, илдеттен арылуу жагына өз жардамын кылып келет. 

-- Бүгүнкү күндө рак илдетине кабылган балдар тууралуу кандай маалыматыңар бар? Эгер болсо, алардын түрлөрү жана жаш курагы боюнча толук маалымат берип кетсең?

-- Мен билген ачык булактардан алынган статистикалык маалыматтарга ылайык, учурда республика боюнча онкология илдетине кабылгандардын саны жүрөк, кан тамыр ооруларынан кийинки 2-орунду ээледи. Бир эле күндө 50 оорулуу онкология борборуна кайрылган болсо, анын ичинен 15 кишиники онкология илдетинин өчүшүп III-IV стадиясына чалдыкканы аныкталат. 15 кишинин арасынан сегизи жаш өспүрүмдөр жана наристелер. Бүткүл дүйнө боюнча жылына 215 миң бала, Кыргызстан боюнча жылына 200 бала онкологиялык илдеттерге чалдыгат экен. Мындай балдардын сакайып кетүү мүмкүнчүлүгү чоңдордукуна караганда кыйла жогору болуп, 95 пайызды түзөт. Бирок, эксперттердин айтымында, балдардын рак оорууларын дарылоодо биздин мамлекет кыйла артта калганбыз. 

-- Силердин фонд рак илдетине кабылган балдардын канчасына даректүү жардам бере алды, натыйжасы кандай болууда?  

-- “Жашоо булагы” кайрымдуулук фондунун түзүлгөнүнө аз эле убакыт болду. Бирок фондду негиздегенге чейин эле акыркы беш жыл аралыгында жалпы суммасы 35 миллион сомго кайрымдуулук иштер жасалган болсо, анын ичинен рак илдетине чалдыккан 5 балага даректүү жардам көрсөтүлдү. Алардын дээрлик бардыгы чет мамлекетте, тагырагы, Индиянын алдыңкы ооруканаларында даарыланып, жүлүн чучугун жалгаштыруу (орусча айтканда, пересадка костного мозга) боюнча операция жасатылды. Себеби, Кыргызстанда бул операцияны жасоо үчүн тийешелүү шарттар жок жана адистердин тажрыйбасы жетишсиз. Ошол себептен бейтаптар чет мамлекеттерде дарыланууга аргасыз болушат. Биз колдоо көрсөткөн наристелердин арасынан ден соолугу калыптанып калганы да бар. Учурда алар Индияга маал-маалы менен каттап, дарыгерлердин көзөмөлүндө турушат. Эң негизгиси, дартты өз маалында аныктап, кечиктирбей жардам берилген учурда өмүрдү сактап калса болот. 

-- Каржылык булагы боюнча да токтолуп кетсең. Силердин фондго кайрылгандардын баары эле тийешелүү колдоо алып жатабы?

-- Фонд азырынча өзүмдүн жеке каржылоомдо турат. Чет өлкөлүк же башка уюмдар менен эч кандай кызматташуу, байланыш жок. Биздин фонддун максаты – Кыргызстанда рак илдетинин алдын алуу, оорулуу балдарга тийешелүү жардам көрсөтүү жана республикалык онкология борборуна колубуздан келишинче көмөктөшүү. Беш жыл аралыгында  оорулуу балдар жана алардын ата-энелери менен жакындан сүйлөшүп жатып, мамлекетте рак илдетине чалдыккандар кандай кыйынчылыктарга кабылып жаткандарын ичинен толук тааныша алдым. Себеби, өзүмдүн бир тууган эжем аутоиммундук дартка кабылып, анын өмүрүн сактап калуу үчүн оорукана, дарыгерлердин баарын кыдырып, болгон аркетибизди, мүмкүнчүлүктөрүбүздү жумшаган элек. Тилекке каршы, өмүрүн сактап кала алган жокпуз. Андыктан дартты да, бейтапты да, анын үй-бүлөсүнүн жүрөк өйүгөн көйгөйлөрүн жакындан билемин. Ошол себептен бизге кайрылган ар бир бейтап көңүл сыртында калбайт, аларга колдон келишинче жардам көрсөтүп келебиз. 

-- Рак илдетине кабылган балдарга биздин медицина кандай жардам берип, кайсынысына алы келбей атат? Бул учурда силердин фонд кандай кадамдарга барууда?

-- Кыргызстандан башка бардык шериктештикке кирген коңшу мамлекеттерде, онкологияны алдын алуу багытында системдүү түрдө калкты пландык текшерүүдөн өткөрүп турушат. Оорусу аныкталган бейтаптар бекер жана толук камсыздалган медициналык кызматка жана дарылануу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ.  Ал эми Кыргызстанда болсо, чет элдик уюмдардын жана донорлордун колдоосу менен болгону жугуштуу оорулуулар (туберкулез жана ВИЧ СПИД) гана бекер дарыланышат. Ал эми онкологиялык бейтаптар үчүн шарттар толук түзүлгөн эмес, палаталар жана оорулуулар үчүн жатак орундар жетишсиз. Мындан бир нече жыл мурда онкология бөлүмүн кеңейтүү, бейтаптарга тийешелүү дэңгээлдеги талаптарга жооп бере турган жана жүлүн чучугун жалгаштыруу үчүн ылайыкталган имарат курулат деп жер бөлүнгөн, алтургай имаратты куруу иштери башталып, пайдубалы тургузулган. Тилекке каршы, бул имарат бүгүнкү күнгө чейин толугу менен курулуп бүтпөй келет. Ал үчүн мамлекет тарабынан ыкчам чаралар көрүлүүсү зарыл. Оорулуу балдардын ата-энелеринин үнү жогору жакка жетпей жаткандай. Андыктан имаратты салып бүтүрүү үчүн салымын кошконго даяр, кайдыгер эмес инсандарды да чакырат элем, жапатырмак аракеттер менен рак илдетине кабылган балдар үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө аракет кылалы. 

Онкология бөлүмүндө мындан тышкары да чечилбей келген көйгөйлөр арбын. Мисалы, врачтардын жана тийешелүү адистердин жетишсиздиги, алардын айлык маянасынын аздыгы, керектүү жабдуулардын жана дары-дармектерди жоктугу.  Албетте, мамлекеттик кепилдиктер программасы жана бирдиктүү төлөө системасынын негизинде, рак оорусуна чалдыккан бейтаптарга айрым дарылар бекер же төмөндөтүлгөн баада берилет, бирок ал жетишсиз. Дарылануу үчүн аба-суудай керек болгон кымбат баалуу химия дармектерди алууга жана чет мамлекеттерде дарылануу үчүн бейтаптар акыркы ресурстарын сатып, барууга аргасыз болушат. Ал эми калктын аялуу катмарынын аз камсыз болгондору алакан жайып, финансылык колдоосуз калып жатышат. Бул учурда бизге кайрылгандарга чет мамлекеттердеги мекемелер менен байланышып, дарылануу үчүн шарттарды түзүп берип жатабыз. Мындан тышкары, дарт өз учурунда аныкталбай, диагноз туура коюлбай калган учурлар абдан көп кездешет, биз жардам көрсөткөндөрдүн арасында да тилекке каршы кеч кайрылган наристелерди өлүмдөн сактай албай калган учурлар болду.

Дагы бир кейиштүү жагдай, бизден чет жакка жүлүн чучугун жалгаштыруу үчүн дарыланууга кеткен балдардын дээрлик көбү анализдерин тапшырып, текшерүүдөн өткөн маалда гепатит же дагы башка жугуштуу дарттарга чалдыккандары аныкталып жатат. Ал жактагы медициналык адистердин айтымында, кайрылган бейтаптарга аталган жугуштуу оорулар кан куюу процедурасынан улам жуккан деп билдиришти. Онкология илдетинен алсырап калган наристелер үчүн албетте, бир эле учурда эки же андан көп коркунучтуу оорулар менен күрөшүү абдан оор. Республикалык кан борбору мындай болжолдорду ишенимдүү түрдө четке кагып келишет. Алардын билдирүүсүндө, кан куюуда гепатит жуктуруу буга чейин эч катталган эмес. Ал эми онкологдордун пикиринде, маркерлер илдетти аныктоого толук кепилдик бере албайт экен. Кан борборунда ПЦР анализ жүргүзүү жана канды шоолалантуу (облучатель) үчүн атайын жабдыктар жок болгондуктан, колдо бар аппаратуранын жардамы менен уйку абалындагы гепатитти аныктоо мүмкүн эмес. Бүгүнкү күндө канды шоолалантуу жабдыгы онкология бөлүмүндө дагы, республикалык кан борборунда дагы жок. Саламаттык сактоо министрлиги шоолалантуу жабдыгын 6 жылдан бери убадалап келет. Бул тууралуу маалымат алуу үчүн министрликке байланышка чыгып көрдүк. Тилекке каршы, жооп ала алган жокпуз. Кан борборунун жетекчилиги донордук мекемелерге бир нече ирет кайрылган экен, андан да жыйынтык чыккан эмес. Инфекцияларды аныктоо үчүн колдонулган ПЦР анализ жабдыгынын баасы 600 миң доллар, ал эми инфекцияларды жок кылуу үчүн колдонулган шоолалантуу жабдыгы 200 миң доллар турат. Бул жабдууларды тез убакытта алынбаса, кан аркылуу жугуштуу оорулар өрчүй берери шексиз. Элестетсеңиз, Кыргызстандын калкынын жумушка жарамдуу бөлүгүн 2 миллион адам түзсө, анын ичинен 500 миңинен гепатит аныкталган. Бул көйгөйдү көрүп туруп, унчукпай четте карап туруу мүмкүн эмес. Бул маселени түп-тамырынан чечүү үчүн өткөн жумада республикалык кан борборунун жетекчиси Бакыт Карабаев менен жолугушуп,  борборду канды инфекциялардан тазалоочу жабдуу менен камсыз кылуу чечимин кабыл алдым. Буюрса жакын арада кан тазалоочу аппаратты алып берем. 

-- Келечектеги кыла турган иштериңер боюнча да кыскача токтолуп кетсең?

-- “Тамчыдан көл куралат” демекчи, биздин кайрымдуулук фонд онкология дартына чалдыккан балдарга, өспүрүмдөргө жана алар дарыланып жаткан мекемелерге финансылык, моралдык колдоо көрсөтүүнү көздөйт. Алдыда пландар көп, мисалы, бизде жүлүн чучугун жалгаштыруу үчүн операция жасалбагандыктан,  чет мамлекеттердин адистерин Кыргызстанга алып келип, тажрыйба алмашуу, врачтардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу үчүн шарттарды түзүүнү көздөйбүз. Албетте, бул биздин дарыгерлердин кесиптик деңгээли төмөн же тажрыйбалары жок дегенди билдирбейт. Мисалы, ошол эле Индиянынын студенттери медициналык билим алуу үчүн Кыргызстанга келип жатышпайбы. Бирок, биздин бейтаптар даарылануу үчүн Индияга жөнөтүлөт. Бул мамлекетибиздеги медициналык алдыңкы технологияларынын өнүкпөй жаткандыгынын белгиси. Мындай мүчүлүштүктөргө жол бербешибиз керек. Калктын саламаттыгы биринчи орунда тургандыктан, мамлекет бул тармакты толук көзөмөлгө алышы керек.  Себеби, көйгөй жалгыз эле онкологиялык  борбордо орун алган жок. “Дени сак улут – өнүккөн өлкө” деп айтабыз.  Демек, элибиздин саламаттыгын камсыздоо үчүн күчтүү аракеттер көрүлүшү зарыл деп эсептейм.


Сурат ЖЫЛКЫЧИЕВ

Aryba.kg



Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер