Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Төрөбай Колубаев, коомдук ишмер: “Салык саясаты эл менен бийликти кагыштырууга бараткандай...”

Төрөбай Колубаев, коомдук ишмер: “Салык саясаты эл менен бийликти кагыштырууга бараткандай...”

28-октябрь, 12:00
665 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Президент аныгында Акылбек Жапаровго ишенип, эки тизгин, бир чылбырды берип, туура кылганбы, же калпыстыкка жол бергенби? 

-- Садыр Нургожоевич президенттик кызматка жаңы киришкенде “Акылбек Жапаровго иш козголгонун, анын кандай адам экенин жакшы билем” деген. Андан көп өтпөй аны министрлер кабинетинин башчысы кылып алды. Чынында президенттин бул аракетин көптөр туура көргөн жок. Азыр Акылбек Жапаровдун ар бир аракети – элдин жонунан кайыш тилүү, кыбыр эткен нерседен салык алуу болууда. Мындай аракети карапайым элге чоң түйшүк жаратууда. Азыркы бийликке каршы нааразычылыкты салык саясаты жарата тургандай болуп калды. Тагыраагы, Акылбек Жапаров эл менен бийликти кагыштырууга бараткандай...

-- Баса, Акылбек Жапаровдун Көлбаевдин апасынын туулган күнүнө барганы да эл арасында талкууланып жатат го? Анын бул аракетине да баа берилиши керекпи? 

-- Акылбек Жапаров “караларга” барып, апасынын колун өөп, кошомат кылганын элдин баары эле айтып жүрүшөт. Ошондой эле Россияга барганда “Кыргызстандын 90 пайызы орустардын курамына кошулганга даярбыз” дегеничи? Эл ал жоругун да унута элек. Кыскасы, туугандарын баардык тармакка иштетип койгону талкууда. Мезгили келгенде туура эмес аракеттерине жооп берет го... 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер