Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Гүлзат Аалиева: “Алмабековдун, Жумабаевдин, Орунтаевдин аттарын гана айтты. Кийинки соттук процессте...”

Гүлзат Аалиева: “Алмабековдун, Жумабаевдин, Орунтаевдин аттарын гана айтты. Кийинки соттук процессте...”

18-апрель, 19:43
575 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Гүлзат айым, бир тууганыңыз, полковник Улан Аалиевге байланышкан сот кайсы этапка келди?

-- 2023-жылдын 12-апрелинде, саат 15.40та Бишкек шаардык сотунда полковник Уланбек Аалиевдин кезектеги соттук процесси болду. Процесске Асыл Талипова келди. Ал судьялардын тескегенине карабай, соттук көрсөтмө берип жаткан күбөгө полковник Уланбек Аалиев тууралуу эмес, Радищев, 29 дарегинде жайгашкан хансарай жана башка мүлк тууралуу суроолорду үстөккө-босток берди. 

-- Бу жолкуда ошол эле Асыл Талипова сотко келип, “кимдер кысым кылган боюнча чоңдордун бетин ачам” дегендей болду эле?..

-- Азырынча “президент Садыр Жапаровдун кудасымын” деп тааныштырган Азамат Алмабековдун, ИИМнин алдындагы ГСУнун начальниги Азамат Жумабаевдин, ГСУнун мурунку тергөөчүсү, азыр Бишкек шаарынын вице-мэри Нурдан Орунтаевдин аттарын гана айтты. Кийинки соттук процессте көрсөтмө берүүсүн улантмакчы. 

-- Окурмандарга түшүнүктүү болсун үчүн дагы бир жолу Асыл Талипова айымдын сиздин бир тууганыңыз Улан Аалиевге кандай тийешеси бар экенин айтып койсоңуз?

-- Менин бир тууганым, полковник Уланбек Аалиев таман акы, маңдай тери менен тапкан ири өлчөмдөгү акчаларын Асыл Талипова деген аялга алдатып жиберген ондогон жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргойм (!) деп ак жеринен караланган. 


Сурат Жылкычиев 
"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер