Акыркы кабарлар
» Коом » Бишкектин абасынын булганышынын негизги булактары айтылды
Бишкектин абасынын булганышынын негизги булактары айтылды
13-декабрь, 18:46
367 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Бишкектин абасынын булганышынын негизги булактары болуп борбордогу ТЭЦте, ошондой эле жеке сектордогу катуу отунду колдонуудан бөлүнүп чыккан уулуу заттар болуп саналат. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова 12-декабрда Жогорку Кеңеште билдирди. Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында баяндама жасаган Динара Кутманова Бишкек шаарында сапатсыз отун менен жылытылган 47 жаңы конуштарда 63 миң түтүн үй бар экенин эске салды. "Ал эми экинчиден, албетте, кара түтүндүн 70 пайызын унаалар түзөт. Негизинен эмне үчүн смог пайда болот? Буга абанын начар инверсиясы таасир этүүдө. Башкача айтканда, 10 жыл мурункуга караганда жагымсыз абаны айдап кетчү шарттар жыш турак жайлардын, шаардын түштүк бөлүгүндө аба коридорун бузган үйлөрдүн курулушунан начарлап кеткен. Түтүндүн себептери жакшы белгилүү. Ал эми жеке сектордун салымы да аз эмес" деди ал.
Бөлүшүү: