Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Максат Казакбаев, жарандык активист: “Бийликке кечээги төңкөрүштөрдү эскертсек да укпай атат”

Максат Казакбаев, жарандык активист: “Бийликке кечээги төңкөрүштөрдү эскертсек да укпай атат”

04-апрель, 09:00
1 051 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кемпир-Абад маселеси боюнча камалгандарды колдоп бир топ митинг,  пикеттер орун алды. Бийлик тараптан кандай реакция болду?

-- Жер-жерлерде камалгандарды бошотуу талабы менен митингдер болуп өткөн. Биздин "Саясый туткундарды коргоо" тобу ал митингдерде уюштуруучу, көзөмөлдөөчү жана Бишкектеги митингде мага модераторлук милдет берилген. Тилекке каршы, жыйынтык – бийликтен жооп болгон жок! Мына, арадан 6 ай өттү. Камалгандар арасында ар түрдүү саясый көз караштагы адамдар бар экени  маалым, ушундан улам түрмөдөгүлөрдүн камалган күнүнөн тарта системалуу коргонуусу б.а. бирдиктүү укуктук иммунитети болбоду. 

17-марттагы митинг да өз максатына ушул себептен жетпей калдыбы (?) деп ойлойм. Бирок, кыргызда жакшы сөз бар, “Кой аксагы менен миң” деген. Коомубуздагы бул көйгөй акырындап чечилет. Учурда туткундардын акыбалы жалпысынан жакшы, кээ бир улуу агалар Мамбетжунус Абылов, Равшан Жээнбеков жана кыздардын Орозайым Нарматова, Перизат Суранова, Клара Сооронкулованын ден соолуктары начарлап, үй камагына жана клиникага которулуп дарыланышты. Жыйынтыктап айтканда, азыр утуш бийлик тарапта болуп жатат, бирок күрөш уланууда. 

Бийликке кокус эртең 24-март, 7-апрель, 20-октябрь окуялары кайталанып кетүүсү ыктымал экенин эске салып, саясый активисттердин мыйзамсыз кармалышы, Кемпир-Абаддын Өзбекстанга өтүп кетиши, салыктардын көбөйүшү, коммуналдык төлөмдөрдүн көтөрүлүшү, азык-түлүк кымбатчылыгы, жаңы киргизилген айып пулдар ж.б. элге каршы жаралган оорчулуктар – жок эле дегенде камактагыларды бошотууга буйрук берчү сигнал. 

"Азия Ньюс" гезити
Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер