«Биримдик» №1 Исфанада: “Биз өнүгүүнү сѳзсүз камсыз кылабыз!
«Биримдик» демократиялык социализм – евразиялык тандоо» саясый партиясынын Баткен облусундагы үгүт кербени уланууда. Кечээ, 18-сентябрда күндүн экинчи жарымындагы жолугушуу Исфана шаарында болуп ѳттү.
Алгачкы болуп сѳз алган партиянын тѳрага орун басары Тѳрѳбай Зулпукаров алдыдагы шайлоонун ѳлкѳбүздүн ѳнүгүүсүндѳгү орду ѳзгѳчѳ экенине токтолуп, исфаналыктарды добуштарын сатпоого чакырып ѳттү. “Добуштарды сатуу – бул ѳлкѳнүн эртеңин, элибиздин келечегин сатуу”,- деди ал.
Ѳз сѳзүндѳ талапкерлер Улукбек Кочкоров жана Аида Касымалиева тууралуу айтып, алардын жарандарды социалдык камкордукка алуу жаатында Опол тоодой эмгек кылышканын, алардын аракеттери менен калктын аярлуу катмарына сарпталчу каражаттын ѳлчѳмүн кескин кѳбѳйтүүгѳ мүмкүн болгонун билдирди.
Партиянын идеологиясы болгон «Демократиялык социализм – евразиялык тандоо» идеясынын маанисине токтолгон Зулпукаров, «Бул - демократиялык баалуулуктарды сактоо менен социалдык теңчиликти камсыз кылуу, евразиялык мейкиндиктеги элдер менен достукта жашоо, улуттук нарк-насил, каада-салт, үрп-адаттарды, улуттук баалуулуктарды сактап, ѳнүктүрүү жана кийинки муундарга ѳткѳрүп берүү», - деди. «Биримдиктин» курамында ѳкмѳттү түзүүчү кесипкѳй инсандар бар экенин айткан ал: “Биримдик, ынтымак менен гана ѳлкѳбүздүн ѳнүгүүсүн, элибиздин жашоосунун жакшыруусун камсыз кыла алабыз”,-деп белгилеп ѳттү.
Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Улукбек Кочкоров социалдык кѳйгѳйлѳрдү чечүү, Эмгек жана социалдык ѳнүктүрүү министри катары баштаган иштерди улантып, аягына чыгаруу үчүн «Биримдик» партиясы менен шайлоого аттанганын айтты. Ошону менен бирге «Биримдик» ѳлкѳнүн жарандарынын конституциялык укуктарын камсыз кылуу менен атамекендик бизнести, ѳлкѳнүн ишкерлерин колдоого алып, улуттук продукцияларды ѳндүрүүгѳ шарттарды түзүүнү кѳздѳй турганын белгиледи.
Талапкер Аида Касымалиева партиянын демократиялык социализм идеясына түшүндүрмѳ берди. Анын айтымында, бул балдарды, багар-кѳрѳрү жокторду, калктын аярлуу катмарын, аз камсыз болгон үй-бүлѳлѳрдү, карыларды камкордукка алып, алардын жакшы келечекке болгон ишенимдерин жандандыруу. Ошону менен бирге ал «Биримдик» партиясы Баткендеги чек ара, ички миграция, жумушсуздук кѳйгѳйлѳрүн чечиле турганын белгилеп, аларды ишке ашыруунун жолдору партиянын платформасында камтылганын айтты.
Партиянын дагы бир талапкери Замирбек Осмонов алдыдагы шайлоодо татыктуулардын татыктуусун, билимдүүлѳрдүн билимдүүсүн, элим, жерим деген эр, азаматтарды шайлап алууга, шайлоого кайдыгер карабоого чакырды. Ѳзүнүн ишмердигинде улуу инсан Исхак Раззаковдун мамлекеттик ишмердигиндеги принциптерин карманып келатканын айткан Осмонов элге, ѳлкѳгѳ кызмат кылуу үчүн «Биримдик» партиясынын курамында шайлоого баратканын кошумчалады. «Биримдик бар жерде ѳнүгүү болот. Ынтымак бар жерде ырыс бар. Биримдик менен гана баардыгына жетише алабыз. «Биримдик» партиясы Жогорку Кеңешке ѳтсѳ, сѳзсүз түрдѳ оң бурулуш жасайбыз, элдин ишеничин актайбыз. Силер сыймыктанган депутаттардан болобуз!», - деген Замирбек Осмонов партияны колдоого алууга чакырып, партиялаштарына ийгилик, Кыргызстанга тынчтык, элге аманчылык каалады.
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясый партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.