» Саясат » Түнкү клубда табелдик тапанчасын жоготкон Чыңгыз Курманалиев кантип үлгү көрсөтөт?
Түнкү клубда табелдик тапанчасын жоготкон Чыңгыз Курманалиев кантип үлгү көрсөтөт?
17-июнь, 17:22
603 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
2011-жылдын 26-октябрында Чүй ОИИБнин опери Чыңгыз Курманалиев “Файер энд Айс” түнкү клубуна барып, мас абалында табелдик тапанчасын жоготуп алганы ЖМКларга чыккан. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, чоң жаңжал тутанганы эсибизде. “Куралды табабыз” деп клубдагы бейкүнөө балдарды кармашып, ур-токмокко алышып, ишти огобетер чийелентишип, ырбатышканы да прессага жарыяланган. Мына ушундай чуулгандуу кадр ошондон бери жазасын албай, улам бир кызматка көтөрүлүп, учурда Кемин РИИБ начальниги болгону кандай? Кылмышка шектүү Чыңгыз Курманалиев бети кызарбай бакыйган районду кантип тескейт? Моралдык таризде “сынып” атса, укук, тартип жагынан үлгү көрсөтө алабы? Кыскасы, олуттуу суроолор арбын. Негизи милиция башчысы артында “калбыры” жок, таза кадр болушу керек. Тийешелүү жетекчилер ушул жагына көңүл бурарына ынана туралы.