Министрлер кабинети ишкерликтин 13 түрүн ККМден бошотууну сунуштады


Министрлер кабинетинин сайтында соода-сатык, кызмат көрсөтүүдөгү көзөмөл-кассалык машинелерди колдонуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Анда ишкерликтин бул түрлөрүн ККМ аппаратынан бошотуу каралган. Алар:
1) баалуу кагаздарды сатуу;
2) лотерея билеттерин сатуу;
3) шаардагы коомдук транспорттун билетин жана талондорду сатуу;
4) жүргүнчү самалет жана поезддерде тамак-аш сатуу;
5) жеке кызмат көрсөтүү (бала багуучу, үй кызматкери, бакча жумушчусу жана малчы жалдоо);
6) коомдук транспортто жана такси кызматында жүргүнчү ташуу;
7) салык кызматына реалдуу маалыматты көрсөтүү мүмкүнчүлүгү бар такси жана товар ташуу, курьер кызматы;
8) кол тачке менен жүк ташыгандар;
9) чек ара аймагында эмгек мигранттарынын жалдагандар;
10) патент менен иштеп, өз батирин ижарага бергендер (мейманкана жана күнүмдүк батир берип иштегендер кирбейт);
11) Улуттук банк лицензия берип көзөмөлдөгөн комерциялык банк, микрокаржылык уюм, насыялык союз, каржы-насыяга багытталган уюмдардын кызматы;
12) Улуттук банкка бардык операциялар жөнүндө маалымат берип турган төлөм уюмдары жана операторлордун кызматы;
13) Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык катталган диний уюмдардын ырым-жырымдарга байланыштуу кызматы, адабий китептерди сатуу жана динге байланыштуу ар кандай кызмат көрсөтүүсү;










