Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бир тууган эжемден кантип өч алам?

Бир тууган эжемден кантип өч алам?

21-декабрь, 17:52
3 711 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

20 жаштамын. 15 жашыман баштап бир жигит менен мамиле курдум. Бири-бирибизди сүйчүбүз. Мектепти бүткөн жылы куда түшөбүз дегенде улуу байкем көрөлү, квартирада жашаса үйгө келип биз менен жашап көрсүн дегенинен үйгө келди. Ортобузда эч нерсе болгон эмес. Жүргөндөн баштап беш жыл бир да сайтка кирген жокмун, конокко да барган жокмун. Себеби, аябай кызганчаак болчу. Бирок, каалаган нерсемди алып берчү. Ошентип жүргөн кездерде 29 жаштагы эжем бар, эки баласы бар. Анда ал күйөөсү менен жашачу. Негедир ошол эжем үйгө көп келе баштады. Бир күнү кечинде бир нерсеге чыгып баратып, жигитим экөөнүн чогуу отурганын көрүп калдым. Жанына барсам, бир нерсе издемиш болуп калды. Андан кийин эле эжем балдарын таштап, күйөөсү менен ажырашып, үйгө келип алды. Ошондо баары башталды. Негедир чогуу отурганда эжем келип калса эле өңү бузулуп калчу болду. Ошентип кызганычтын айынан урушуп кеттик. Андан кийин эле эжем шаарга квартирага чыгып кетти. Ошол күнү “сени сүйөм. Эжең менен кантип жүрмөк элем? Аны эки баласы менен эмне кылам?” деп ыйлаганга чейин барды. Айткам, “шаарга барып үстүнө кирип аласың” деп. Азыр экөө шаарда чогуу бир квартирага чыгып алып жашап атышат. Апама эжем “сүйүүгө арга жок тура, сүйүп калдым” деп айтыптыр. Эң жакын адамдарым ушуну кылышты. Эмне кылыш керек чыккынчыларды?! Кантип өч алам?..

Мунара

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер