Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Табигый антибиотиктер кайсылар?

Табигый антибиотиктер кайсылар?

22-сентябрь, 11:56
1 624 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Адам ооруганда алгач эле ооруканага барып, дарыгерге кайрылат. Эгерде бактериялык инфекция болсо, дарыгер дароо эле антибиотиктерди жазып берет. Аларды кабыл алганда ооруңуз басылганы менен ичегилериңиздин табигый микрофлорасы бузулуп, организмиңиздеги пайдалуу бактериялар өлүп калат. Жыйынтыгында ичегилериңиз аллергияга кабылып, иммунитетиңиз начарлайт. Эгерде сиз организмиңизди антибиотиктерге талкалатпайын десеңиз, ашканаңыздагы эле табигый азыктарды дары катары колдонуу менен оорудан кутуласыз.

Сарымсак

Сарымсак табигый күчтүү антибиотик болуп эсептелет. Ал стафилококк, стрептококк сыяктуу бактериялар менен активдүү күрөшөт. Изилдөөлөрдө күн сайын сарымсак жеп жүргөн адамдын организмин кант диабети, жогорку кан басымы, аллергия, жүрөк жана тиш ооруларынан куткарган.


Хрен

Бул өсүмдүк адамдын организминдеги инфекциялар менен эле күрөшпөстөн, иммундук системанын активдүүлүгүн көтөрүп, тамак жана кекиртек ооруларын да айыктырат. Ошондой эле хренди дайыма кабыл алып жүргөндө организмдеги бактерияны өлтүрүп, заара чыгаруучу жолдорду ар кандай оорулардан коргоору далилденген.


Курамында С витамини көп жер-жемиштер

С витамини иммундук системаны чыңдайт жана жакшыртат, ошондой эле организмдеги ар кандай оорулар менен күрөшүү жөндөмдүүлүгүнө ээ. Иммундук системаны абдан көтөргөндүктөн организмди жыландын уусунан айыктырат, бактериялык жана жугуштуу ооруну козгоочу инфекцияны жеңет. Аталган витамин жемиштерден: карагат, апельсин, лимон, киви, кулпунай, кара өрүк жана дарбызда болсо, жашылчалардан: болгар калемпири, пияз, петрушка, капуста, помидор жана шпинатта бар.


Бал

Бал эзелтен бери өзүнүн уникалдуу дарылык касиеттери менен бааланып келген. Андыктан эл арасында “табигый антибиотик” деп аталат. Бул азык бактерияга, жугуштуу ооруну козгоочу микробдорго, бөтөнчө микроорганизм себепкер болгон ооруларга, суук тийүүгө каршы. Жугуштуу оорулардан коргоочу жана жараны бат айыктыруучу касиетке ээ.


Пияз

Пияздын бактерияларга, жугуштуу ооруларга каршы жана ден соолукту бекемдөөчү касиети бар. Уламыштарда “эгер адам чийки пияз жесе, пияз денесиндеги оорулардын баарын соруп алып, айыгып кетет” деп айтылып келет. Ал эми табакка пиязды туурап коюп койсо, үйдөгү жагымсыз бактерия, микробдорду өлтүрөт.


Капуста

Капустанын микробго каршы касиети бар. Ал оорутуучу бактериялардын бир нече түрүн өлтүрө алат. Кызыгы, анын дарылык касиети туздалган учурда жогорулайт. Андыктан рационуңузга сөзсүз кошуңуз.

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер