Акыркы кабарлар
» Коом » Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы COVID-19дун кезектеги толкунуна даяр
Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандагы COVID-19дун кезектеги толкунуна даяр
06-июль, 19:16

Бул тууралуу ведомствонун медициналык жардам көрсөтүү жана дары-дармек саясаты башкармалыгынын башчысы Нурида Жусупбекованын айтканына таянып, республикалык штаб кабарлады.
Жусупбекова оору дагы бир ирет күчөсө, биринчи кезекте республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасында “кызыл зона” ачыларын белгилеген.
"Коронавирустун кезектеги толкуну башталса, орундар жетиштүү. Дары-дармек камдалган. Дарыгерлер тажрыйба топтоду. Баары COVID-19ду дарылоонун клиникалык протоколу боюнча окутуудан өтүшкөн" дейт Жусупбекова.
Медик коомчулукту илдетке каршы эмделүүгө чакырып, биринчи, экинчи дозаны алгандарга бустердик дозаны сунуштаган.