Карганбек Самаковдун иренжиткен жоругун президент четке кагабы?

Кыргыз Эл Баатыры наамын алуу оюнчук болуп калдыбы? Уюшма таасиринде Карганбек Самаковду колдошуп, долуланган топ чыккан. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кат жазышып, жогорку даражалуу сыйлыкты алуу үчүн догурунушуп, сүрмө топ менен сүрүшүп келишти го? Акчанын күчүнө салып жулуна беришсе, элибиз эмне дейт? Карганбектин кечээги оор кылмыштары, жер басып алганы, соттолгону унутулуп калдыбы? Эгерде министрликти сатып алса, эч ким унчукпайбы? Айтор, соболдор көп. Иренжиткен мындай жорукка президент үн катабы? Четке кагабы? Азырынча калың катмар таңданууда. Самаков сыйлыкты сатып алабы, же кыялы ишке ашпай, артка тебилеби? “Садыр Жапаров жогорку наамды көрүнгөнгө таратып, тарпын чыгарбаса керек” деген ишенимде күтө туралы.
"Азия Ньюс" гезити