Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Балбак Түлөбаев: “Көлдүктөр ачкадан өлө турган акыбалда эмеспиз”

Балбак Түлөбаев: “Көлдүктөр ачкадан өлө турган акыбалда эмеспиз”

11-сентябрь, 11:00
574 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен маек.

-- Балбак мырза, акыркы алты айда пандемияга байланыштуу көп кыйынчылыктарды баштан кечирдик. Айрыкча көлдүктөр бир жылдык нанын тапкан туристтик сезон жокко эсе болуп, “көлдүктөр кышында ачкадан өлөбүз” деген нааразылыктар да айтылды...

-- Акыбал андай өтө жаман эмес. Эл аралап өтө кыйналган адамдарды деле учурата алган жокмун. Өрүктөрүн сатып, колундагы мал-жаны менен болушунча аракеттерин көрүп жатышат. Кыйынчылыктар жок эмес. Жылда болуп жүрчү туристтик сезон болбой калды, бирок шүгүр дейли.

Ачкадан өлө турган акыбалда эмеспиз. Өтө ошондой кыйналгандар болсо, мамлекет, өкмөт жардам берет. Мисалы, өрүк түшүмдүү болуп, 50 сомдон жакшы баага сатышты. Буудай, картошкалары бышып жатат. Өтө кыйналгандарды көрө алган жокмун. Социалдык объектилер ж.б. нерселер боюнча суроо-талаптар бар. Алар боюнча аракет көрүп жатам. Өрүктөр жакшы экспорттолду. Эми жашылча-жемиштердин дагы жакшы баасы чыгып, экспорттолуп, элдин жайкы мээнети бул жагынан акталабы деген үмүттө турабыз. 


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер