Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Бектур АСАНОВ, коомдук ишмер: “Мындан ары бир топ аттуу-баштуу адамдар камакка алынат”

Бектур АСАНОВ, коомдук ишмер: “Мындан ары бир топ аттуу-баштуу адамдар камакка алынат”

20-декабрь, 10:27
482 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Кой-Таш окуясынын жыйынтыгы чыкты. Атамбаевчилер камалып, суралып жатат. Деги эле учурдагы саясый абалга кандай ойдосуз?

-- Саясатта мындай абалдар мурда деле болуп келген. Эми да улана берет. Бийлик чечкиндүү жакшы кадамдарды жасаса, баары эле жакшы болчудай. Мен ал кадамдарды жасашат деп ойлойм. Буга чейин ТЭЦ иштери, ж.б. коррупциялык чуулгандарга байланыштуу бир топ аттуу-баштуу адамдар камакка алынды. Мындан ары дагы бир топ чоң адамдар камакка алынат деп ойлойм. Анан таза шайлоо өткөрүп алсак, баары өз нугуна түшөт эле... 

-- Равшан Жээнбековдун камалышы боюнча кандай пикирдесиз?

-- Равшан мырзанын иштери кандай болгонун так билбейт экенмин. Ал жерде, Кой-Ташта факты бар, куралданышкан. Биз болсо эч кандай фактылары жок, куралсыз эле отуруп чыкпадыкпы. Бул жерде бийликке каршы ок атылып жатат. Адам өлүмү болду. Куралдар колдонулду. Бийлик менен “атышам, согушам” деп кыйкырып чыгышты. Бирок, бул кылмышка Равшан Жээнбековдун канчалык тийешеси бар экенин биле бербейм. 

-- “Атамбаев жакын арада абактан чыгып калышы мүмкүн” деген кептер бар го?

-- Менин оюмча, мыйзамдуу бийлик болуп турса, Атамбаев жакын арада чыкпайт.


Жамиля НУРМАНБЕТОВА

 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Кыргыз айылын талкалап жаткан тажиктерди токтотууга болобу?
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер