Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Түрмөдөн тапкан онлайн махабатымдын азабын тартып отурам...

Түрмөдөн тапкан онлайн махабатымдын азабын тартып отурам...

15-март, 17:32
1 251 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Жакында 22ге толдум. Күйөөм менен ал түрмөдө отурганда таанышып, онлайн сүйүү отуна малынганбыз. Ал эркиндикке чыкканда эч кимдин сөзүн укпай, ага турмушка чыктым. Башында бактылуу эле болчубуз. Кийинчерээк катуу өзгөрө баштады. Түнү менен көңүл ачып, таңга маал жатаар жай издегенсип үйгө келет. Кош бойлуу болгонума төрт ай болду. Кам көрмөк тургай, “милдет кылбай алдырып сал” деген ачуу сөздөрүн эшиттим. Достору да Кудайдан жөө качкан, иштебеген, бекерчиликти жакшы көргөн адамдар. Убагында улуулардын сөзүн укпай, анын бал сөздөрүнө алданганыма өкүнүп, күн санап көңүлүм сууп барат. Ажырашып, күйөөдөн чыккан кыздарды анча жактыра берчү эмес элем. Эми өз башыма түшүп, ар бир күнү кетип калууга даярданып, бирок үмүтүм өчүп-жанып жашап жүрөм. Мени кандай күн күтөт?


Айдай 

"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер