» Коом » Ала-Арча капчыгайында 35 жаштагы жаран аскада калып калган
Ала-Арча капчыгайында 35 жаштагы жаран аскада калып калган
18-октябрь, 17:16
413 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌
Аламүдүн районундагы Ала-Арча капчыгайында аскада калып калган жаран куткарылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ӨКМга Ала-Арча капчыгайында 35 жаштагы К.И. аттуу эркек киши эки асканын ортосунда калып калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине 3 куткаруучу тартылып, жогоруда аталган адамды чыгарышкан. Жарандын абалы жакшы, жаракат алган эмес.