Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Карасартова менен Карамушкинада эмне мандем бар?

Карасартова менен Карамушкинада эмне мандем бар?

21-ноябрь, 15:04
550 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Айкырчаак аялдарга “аялуу” суроолорду жолдойлу. Чапкан жерден эле көз чыкпайт да, туурабы?..

Бейөкмөтчү Рита Карасартова көп учурда эмоцияга алдырып, бийлик органдарына жалаа жапканга далбастап, андан пиар жасап, кара жанын карч урганы эмнеси? Мамлекетибизди каралоо үчүн чет элден алган миңдеген долларбайларын актоого жан сабай береби? Рита айым кымбат ресторандардан тамактанары, 7 миң долларга чейин маяна алганы жалганбы? Батыштын гана кызыкчылыгына алдырбай, өнүгүү боюнча да ой-сунуш айтса болбойбу? Жо-ок, беттен алып эле каралоону катырсаң, ошого жараша капчык кампаябы?.. 

Ал эми Ирина Карамушкина болсо, кыргыздардын улуттук баалуулуктарына шек келтирип, коомчулукту козутууга ар дайым “арылдап” чыкканы кандай? Бул аялдын көзүнө Атамбаев гана “периште” көрүнүп, ыңгайы келсе эле дүрбөлөң салууга жулуна береби? Кой-Таш окуясында кандай аракеттерге барганы, анын айынан кылмыш ишине да илинди го? Эгерде Карамушкинанын “бир жерине” күч келсе, Россияга ооп кетери кеп эмеспи? 

Айтор, бул айымдарга мамлекеттин туруктуулугу, өнүгүүсү эмес, чыр-чатак гана керекпи? Экөөнөн коомчулук деле тажап бүткөндөй, акылдарына качан келишет?..


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер