Акыркы кабарлар
» Коом » Ошто үч эм төрөлдү, чет өлкөдөгү кыргыздардан да үч эм төрөгөндөр бар
Ошто үч эм төрөлдү, чет өлкөдөгү кыргыздардан да үч эм төрөгөндөр бар
02-ноябрь, 11:59
731 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌Ош шаарындагы төрөт үйүндө үч эм төрөлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Бөлүшүү:
Ымыркайлар 28-октябрда жарык дүйнөгө келишти. Энеси 1991-жылкы Х.Н. балдарды өзү төрөдү.
Биринчи бала −1,77, экинчиси −2,69, үчүнчүсү −2,85 килограмм салмакта. Учурда балдар энесинин жанында, ымыркайлардын да энесинин да абалы жакшы, — деп билдиришти министрликтен..
Эскерте кетсек, Кыргызстанда акыркы кездерде эгиздердин төрөлүшү көбөйүүдө. Албетте, бул жакшы жөрөлгө. Кыргызстанда эле эмес, чет өлкөдө да үч эм төрөгөн кыргыздар бар. Алардын бири «Дордой» ассоциациясынын каржы маселелери жана сырткы байланыш боюнча вице-президенти Улугбек Салымбековдун аялы АКШнын Майами шаарында 3 эм төрөгөн. Ал ишкер Аскар Салымбековдун уулу.
Aryba.kg