Турсунбек Акун, укук коргоочу: “Президенттин аброю эл аралык алкакта көтөрүлдү”

-- Турсунбек агай, өткөн жума БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келип, президент Садыр Жапаров менен жолукту. Ошондой эле Астанада өткөн Шанхай кызматташтыгынын биргелешкен саммитине да барды. Антониу Гутерриштин келиши баарыбыз үчүн маанилүүбү?
-- Туура, өткөн жума саясый окуяларга бай болду. Эң биринчи БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келди. Мага президент Садыр Жапаровдун Антониу Гутерриш менен баарлашуу учурунда көтөргөн маселеси жакты. Израиль менен Палестинанын ортосунда согуштан бейкүнөө 36 миңдей адам каза болуп, 16 миңден ашуун жаш бала өлгөнүн айтып, согушту сүйлөшүү жолу менен токтотуу демилгесин көтөрдү. Муну Антониу Гутерриш да колдоду. БУУнун туруктуу кеңешинде дагы президент көтөргөн демилгеге чукул чечим кабыл алышкан. Садыр Нургожоевичтин сунушу ошого үндөшүп кетти. Антониу Гутерриштин ШОСко жана Түрк тилдүү мамлекеттердин саммитине катышканы өтө маанилүү көрсөткүч.
-- Астанадагы саммитте козголгон маселелер купулуңузга толдубу?
-- Астанада өткөн саммит тарыхый мааниге ээ болуп калды. Бул жерде Токаев эл аралык мыйзамдарды жакшы билгенин, дипломат экенин көрсөтүп, саммитти жогорку деңгээлде уюштурду. Ал саммитке жалаң эле ШОСко мүчө мамлекеттер эмес, келечекте мүчө боло турган мамлекеттер да катышты. Ошон үчүн ШОС+ деп аталды. ШОСко Беларусь да расмий түрдө мүчөлүккө өттү.
Астанадагы саммитте дагы Палестина, Израиль маселеси көтөрүлдү. Биздин президент Садыр Жапаров бийик трибунадан дүйнө лидерлерине кайрылып, согушту сүйлөшүү жолу менен токтотушубуз керектигин айтты. Ошого катар Палестина менен Израилди эки өлкө экенин 130дан ашык мамлекет тааныганын бийик трибунадан белгиледи. Жашыл экономика боюнча да жакшы демилгелерди көтөрдү.
Жыйынтыгында Астана декларациясы кабыл алынып, Израиль менен Палестинаны мамлекет катары таануу боюнча да пункт кирди. Бул Кыргызстандын президентинин салымы болду. Мен башынан эле президентти көп мактабайм. Бирок, маанилүү демилгелерди көтөргөнү үчүн азыр мактап атам.
-- Баса, президент андан ары Азербайжандын Шуша шаарындагы Түрк тилдүү элдердин саммитине барды. Аныгында бул уюмдун таасири арта баштадыбы?
-- Шушадагы саммитке да бир топ бараандуу мамлекеттердин президенттери катышты. Биздин президент барып, Азербайжанга туугандык колдоо көрсөткөнү жакшы болду. Азербайжандын Шушада саммит өткөрүүсү чоң мааниге ээ. Армияндар “геноцит” кылып алган Шуша менен Карабакты өздөрүнө каратып алды. Маанилүү аймак болгон үчүн Ильхам Алиев Түрк тилдүү элдердин саммитин Шушада өткөрдү.
Таңгалганым, Европадагы айрым мамлекеттер да “Түрк тилүү элдер биригип, өзүнчө күч боло баштады” деп саммиттерибизди көралбай, терс пикирлерин айта башташты. Ал эми негиздүү маселени демилгелегени үчүн өткөн жумадагы үч ири иш-чара тең Кыргызстандын президентинин аброюн эл аралык алкакта көтөрдү.
"Азия Ньюс" гезити