Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Исхак Масалиев: “Кумтөрдөн 90 миллиард сом түшсө, майкөл-сүткөл болуп кетмек да...”

Исхак Масалиев: “Кумтөрдөн 90 миллиард сом түшсө, майкөл-сүткөл болуп кетмек да...”

27-январь, 12:32
1 266 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Исхак Абсаматович, Кумтөрдүн алтынын сатуудан түшкөн акча тууралуу маалыматтар эки ача чыгып жатканын айттыңыз. Тактай кетсеңиз, кайсы жерде дал келбестик бар?

-- Мен маалыматты ЖМКлардан алдым. “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомунун убактылуу тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүк “14,5 тонна алтын өндүрдүк. 861 млн. долларга алтын саттык. 13,5 млрд. сом салык төлөндү” деп атат. Суроо туулат? Биз алтынды сыртка сата албайбыз. Улуттук банктын аны сатып ала турган 800 млн. доллары жок. Анда кимге сатылды? Кантип сатылды? Эгер чын эле 860 млн. доллар (90 миллиард сом!) түшсө, майкөл-сүткөл болуп кетпейт беле?! Ошон үчүн тийешелүү кишилерди чакырып, так маалымат алуу сунушун айттым. Эртең элге барганда алар бизден сурашат да. Сураганда бизде маалымат болуш керек.

-- Сиз өзүңүз депутат катары каржы министрлигинен сурап көргөн жоксузбу?

-- Бир ай мурда “34 миң унциясы сатылды” деген маалымат чыкканда, алар “бизге түшкөн жок” дешкен. Кийинчерээк “алдык” дешти. Бул жерде 500 миң  унция жөнүндө сөз болуп атат. Ал акча каякта? Эгер 90 миллиард сом кошулган болсо, биздин бюджет 2021-жылы профицит менен чыгышы керек эле да.

-- Кечээ күнү күтүлбөгөн жерден бүт республика боюнча жарык өчүп калды. Мунун себебин электр тармагындагылар “Казакстанда авария болгон” деп түшүндүрүштү. Бирок, кээ бир эксперттер “Токтогул ГЭСинде авария болуптур” деген божомолун айтышты. Бул боюнча сизде маалымат жокпу?

-- Жок. Мен деле ЖМКлар аркылуу гана маалымат алып аттым. Бирок, калыстык үчүн айтып коюш керек, Бишкек ЖЭБинин ремонттолгону бизге бир аз жеңилдик берди. Эгер ЖЭБ реконструкция болбосо, абдан кыйналмакпыз. 


"Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер