Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » Досум жубайыма “Айфон” белек кылганда оозум ачылып...

Досум жубайыма “Айфон” белек кылганда оозум ачылып...

05-февраль, 23:37
2 438 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

Эки жыл мурун жогорку окуу жайда окуганда бир жакшынакай кыз менен таанышып калдым. Экөөбүз бир жарым жыл кыз-жигит болуп жүрүп, анан үйлөндүк. Кудайга шүгүр, баары жакшы. Бир балалуу болдук. Жакында эле аялымдын туулган күнү болгон. Баардык жакын досторубузду чакырып белгиледик. Бир досум бар, өтө бай, жеке бизнеси бар, бир сөз менен айтканда акчалуу адам. Ал болсо аялыма “Айфон 12” туулган күнүнө белек кылды. Ушунча кымбат белекти көрүп алып, аябай таң калдым. Чынын айтканда кичине аялымдан уялып калдым. Анткени менде анча акча жок, жөнөкөй эле үй-булөдөнмүн. Зарплатам болгону 20 миң сом.
Анан туулган күн бүткөндөн кийин келинчегиме: «Асел, жаңы телефонуң кут болсун. Мен сенден аябай уялып жатам. Сага андай баалуу нерселерди алып бербегеним үчүн” деп айтсам, ал болсо: «Самат, бул эми жөн эле телефон да, мага акча, кымбат нерселер кызыктырбайт. Ушундай күйөөгө миң мерте шүгүр" деп мени кучактады. Ошол маалда мен ушундай өзүмдү бактылуу сездим. 
Кудайыма шүгүр, аябай мыкты келинчегим бар...


Бакыт

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер