Үлпөт тоюмда бактысыз сүйүүм үчүн көз жаш төктүм

Мен айткан сөздөрдү сен да айтчусуң. “Жарык дүйнөдөн издеген адамымды жолуктурдум” дечүсүң. Биздин мамилебиз күн санап тереңдеп баратты. Мен жалгыз бой болгонум менен сен үй-бүлөлүү, эки баланын атасы элең. Жубайың, балдарың телефон чалган сайын өзүмдү күнөөлүү сезип, кирерге жер таппай калчумун.
Сени өзүмдүк кылып, азгырып алууга да кудуретим жетмек. Бирок, андай кадамга бара албадым. Сени үй-бүлөңө, бала-чакаңа кайтаргым келди. Бул дүйнөдө сага кылган жакшылыгым ушул болсун. Сени ушунчалык сүйүп туруп, сага таптакыр жолукпай тургандай чечим кабыл алдым. Көптөн бери колумду сураган, бирок мен сүйбөгөн жигитке турмушка чыгууга макулдугумду бердим.
Үйлөнүү той күнү буркурап, көзүмдөн жаш токтобой ыйлай бердим. Көкүрөк толо бук, муң-зар сагыныч эле. А адамдар мага бакыт каалап жатышты. Өчпөгөн сүйүү каалап жатышты. А менде кайдагы бакыт, кайдагы сүйүү?!
...Ошентип, жаңы турмуш башталды. Жүрөгүм бырчаланат. Кайрадан сени ойлой берем. Көкүрөктө, жүрөктө тынчтык жок. Жылуу сөздөрүң, ар бир көз карашың канжар сымал жүрөгүмдү сайгылайт.
"Азия Ньюс" гезити