Прогноз погоды в городе Бишкек
Акыркы кабарлар
» » “Асман шаары, жашыл энергетикага окшогон сунуштар пайдалуу эмес”

“Асман шаары, жашыл энергетикага окшогон сунуштар пайдалуу эмес”

11-март, 09:00
656 ᠌ ᠌ ᠌ ᠌᠌ ᠌ ᠌᠌

-- Эл аралык уюмдар Кыргызстандагы жакырчылык, жумушсуздук көйгөйлөрү чегине жеткенин жазышууда. Мындай шартта Асман шаарын, курулуш бизнестерин коё туруп, итке минген карапайым калктын жашоосун оңдосо болбойбу?

Эрнест Карыбеков, эксперт:

-- Кыргызстандын өнүгүүсү солгундап, классикалык экономика оорулуу организмге айланып калган. Абалды жөнгө салууга азыркы бийликтин аракеттерин көрүп атабыз, бирок азыркы экономикалык системаны алмаштырбасак натыйжа чыкпайт. Өзүңөр билгендей, товарлардын баасы, тарифтер, жол кире жана башкалар өсүп атат. Кыскасы, жашоо кымбаттоодо. Аракеттер жакшы эле, пенсия, акы төлөө жогорулоодо, бирок инфляция деген желмогуз жеп коюп атпайбы бийликтин аракеттерин. Демек, экономикадагы саясатты алмаштырыш керек. Тарифтерди көтөрүү эмес, төмөндөтүү саясатын жүргүзсө болбойбу? Болот. Өзүбүздүн экономикалык моделибизге өтсөкчү? Ооба, экономика саясатын системалуу түрдө өзгөртүп, өнүгүүгө арзан энергоресурстарды камсыздап берсек, элдин жашоо шарты жакшырып, өндүрүш өсүп, жумуш орун көбөйүп, турмушубуз оңолот. Асман шаары, жашыл энергетикага окшогон сунуштар пайдалуу эмес. Тескерисинче, өлкөгө зыян алып келет. Традициялык саясатты жүргүзүү зарылдыгы келди. Традициялык үй-бүлө, бул багыттагы электр кубаттуулук, билим берүү, тарбия жана башка. Маселе азыркы либералдык көз карашы менен иштеген мамлекеттик кызматкерлер ушул көп жылдан бери экономикабызды, мамлекеттик түзүлүштү талкалаган саясатты сындыра алышабы?

Нарис Калчаев, активист:

-- Азыр элдин абалы чынында оорлошуп баратат. Быйыл картошканын дагы баасы жакшы болбой дыйкандар кыйналып жатат. Бийлик мегадолбоорду коё туруп, биринчи ушундай кичинекей элдин маселесин чечишсе жакшы болот эле. Көйгөй көп, бирок чечүү жолу жокко эсе. Дүйнө жүзүндө суу тартыш, азык-түлүк жетишсиздиги күндөн-күнгө жогорулоонун үстүндө. Өзүбүздү азык-түлүк менен камсыздай турган иш-чаралар дагы жетишпейт. Ошондой көйгөйлөрдү чечпей туруп, шаар курабыз дегенге кошула албайм.  


 "Азия Ньюс" гезити

Бөлүшүү:
Тектеш материалдар:
Эң көп окулгандар
Бүркүттүн алдында калган коёндой эле бырпырадым…
Жөтөлдөн айыгууга сонун рецепттерди сунуштайбыз. Сактап коюңуз!
Өлгөн адамдар түшкө кирсе эмне болот?
(Видео) Баткен губернатору Алимбаевди тоготпой, 70 пайыз жетекчилер кетип калышыптыр
(Видео) Лейлектеги атышуу: "Кыргыз элим, биз жардамсыз калдык..."
Президент Садыр Жапаровдун акыркы кырдаал боюнча кайрылуусу
(Видео) Баткен согушунун ардагерлери элибиз үчүн күйүп, кайрылуу жасашты
Aryba.kg - Маалымат порталы
Сайтка баа бер