Улутубуздун руханий дөөлөтүн арттырган улуу инсан

“Ар бир жазуучунун чыгармачылыгында баардыгы өз ара тыгыз байланышта болот. Шейшембиден баштап сен акынсың, ал эми дүйшөмбүдөн тарта сен прозачы же публицистсиң деген түшүнүк жок.”
(Виктор СЛИПЕНЧУК, россиялык белгилүү акын-жазуучу)
Учурда адабий чөйрөбүз дүйнөгө бир келип бир кеткен кайталангыс залкар акын Омор Султановдун 85 жылдыгын белгилеп жатат. Калың журтубуздун бийик кадыр-баркына татып, артына өчпөс из калтырып кеткен эл уулу 1935-жылдын 6-ноябрында жарык дүйнөгө келген. Анын киндиги “Жети-Өгүз сендей жер кайда?” деп өзү ырга айланткан районунун бир өңүрү тоого, экинчи капталы касиеттүү Көлгө такалган топудай болгон татынакай Тосор айылында кесилген. Балалыгы каргашалуу кандуу согуштун каат учуруна туш келип, ал өзүнүн миңдеген теңтуштары сыяктуу эле муштумдай чагынан кара жумуштун казанында шакардай кайнап, эрте бой тартып чоңойгон.
Омор агайдын эли чындап сүйгөн, атак-даңкы таш жарган нукура акын болуп өсүп-өнүгүп, өркүндөп, калыптанышына биринчиден, Кудай жалгап, тагдыр ага марттык менен тартуулаган тубаса, табигый таланты бекем пайдубал болуп берген. Экинчиден, анын ар дайым тынымсыз изденүү жолунда болуп, поэзиянын жаңы сырлары менен мүмкүнчүлүктөрүн табуу, көндүмгө айланып калган айрым канондорун өзгөртүп, лирика айдыңына жаңы чыйыр салууга жасаган жемиштүү аракеттери да чоң түрткү болду. Үчүнчүдөн, кечээки өтүп кеткен совет доорундагы анын ысымынын бүткүл союздук даражага чейин таанымал болушуна өлкөдөгү дагы бир маанилүү саясый чоң окуя ыңгайлуу кырдаалды түзгөн эле. Ал – ХХ кылымдын алтымышынчы жылдарындагы “хрущёвдук жылымтык” учур катары тарыхта калган көрүнүш өзүнүн түздөн-түз жагымдуу таасирин тийгизгени дайын. Ал жаздын адепки күндөрүндөгү кар менен музду эрите баштаган жылуу аба сымал бийлик режимин бир аз болсо да жумшартып, саясый эркиндиктерге жол ачыла баштаган маал эле.
Мына, так ошол тушта чагылгандын отундай атылып чыгып, өздөрүнүн өтө курч, күчтүү, таамай, таасирдүү, доордун чакырыктары менен суроо-талаптарына жооп бере ала турган публицистикалык маанайдагы ырлары менен коомду ойготушкан таланттуу жаш акындардын кубаттуу тобу жаралган. Бул кыймылдын башында Евгений Евтушенко, Роберт Рождественский, Андрей Вознесенский менен Белла Ахмадулина турушкан. Өздөрүнүн чыгармачылыгы аркылуу алар жалпы коомчулуктун колдоосуна эгедер болушуп, аттары эл аралык деңгээлге чейин жайылган. А.Вознесенский Б.Ахмадулинага арнап “Биз көппүз. Балким, биз төртөөбүз” деген атактуу ырында:
Мына, азыркы – ушул татаал мезгилде,
Жоголсок да, биз жарыкты чачканбыз.
Мейли мөрөй тийбей калсын эч кимге,
Ылдамдыкты биз биринчи ачканбыз!- деп, өздөрүнүн өлкөдөгү жаңы өзгөрүштөрдүн алгачкы жарчылары катары абдан туура сыпаттап кеткен.
Аталып өткөн ушул советтик акындардын алдыңкы сабында табигый түрдө Омор ага турат. Анкени ал ошолордун ар бири менен эң жакын байланышта, өз ара жылуу мамиледеги калемдеш, замандаш, кесиптеш гана эмес, теңата, теңтайлаш болуп, биргелешип ат салышып келген эле. Москвада өткөн СССРдин чыгармачыл коомдорунун пленумдарында Омокебиз алар менен кулач жая көрүшүп, далыларын тапташканы азыр да көз алдыма тартылат. Ыңгайга жараша, мен да бул “төртүлүк” менен өзүм Кыргызстан ЛКСМ БКнын катчысы болуп турган чагымда (1967-1973) чукулдан таанышып, алардын Москванын политехникалык музейинде өткөн эки-үч жолугушууларына катышып, өзүм топтоп жүргөн ырлар жыйнактарына колтамга койдуруп алган элем.
Баса, Е.Евтушенко 2004-жылы Бишкекке келгенде Омор ага экөөбүз аны менен жолугушуп, 11 ырлар жыйнактарына колтамга койдуруп жатканымда, ал “ой, мынча китептер азыр өзүмдө да жок” деп тамашалаган болчу. Ошондо мен ага биздин акыныбыз С.Тургунбаевдин котормосундагы “Энем жана атом бомбасы” деген поэмасын тапшырсам, абдан кубанып, өзүнүн “Ажалдан мурда өлбө” аттуу романын менин жубайыма белек катары карматкан.
Омор Султанов өз учурунда орус-совет адабиятынын С.Михалков, И.Тихонов, К.Симонов, А.Твардовский, ж.б. баштаган ондогон атактуу жазуучулар менен өтө тыгыз мамиледе болгон. Мындан сырткары, улуттук адабияттын М.Ауэзов, О.Сулейменов, Р.Гамзатов, М.Карим, Д.Кугултинов, К.Кулиев, А.Якубов, К.Төлөпбергенов өңдүү анабашылары менен кол үзгөн эмес. Мындай өз ара жылуу ымалардын жаралышына анын Кыргызстан жазуучулар биримдигинин экинчи катчысы, кийин КР улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, СССР жазуучулар кошунунун текшерүү комиссиясынын мүчөсү, Москвадагы эл аралык жазуучулар союзунун теңтөрагасы катары эмгектенгендиги да чоң өбөлгө болгон.
Ал өзүнүн чыгармачылык ишмердигин КМУнун филология факультетин 1959-жылы аяктагандан кийин “Ала-Тоо” журналында баштаган. Алгачкы ырлар жыйнагы “Тоо күндөрү” деген аталышта 1961-жылы басмадан чыккан.
Омор Султанов көп багыттуу, көп тармактуу универсал акын катары өзүнүн 60 жылга тете созулган чыгармачылык жолунда ырлар, поэмалар, аңгемелер, макалалар, сценарийлер, повесттер, романдар, котормолордон турган 30дан ашуун китептердин автору болду. Алардын ичинен өз учурунда окурмандар тарабынан өтө жылуу кабыл алынган “Жылдыздуу түндөр”, “Отузунчу станция”, “Аэропонарама”, “Чарчоонун жүзүнчү ыры”, “Сен жөнүндө поэма”, “Адамдын турмушу”, “Ашуу төр”, “Жан берели сүйүүгө” деген чыгармаларын атап кетүүбүз зарыл. Тилекке каршы, анын “Поэзияга карай жол” аттуу таржымалдык баяндамасы аягына чыга албай калды.
Ал детективдик-фантастикалык жанрга да көңүл бөлүп, немис жазуучусу Лео Герман менен бирдикте орус тилиндеги “Аргасыз деңиз каракчылары”, “Ажыдаар аралы”, “Сырдуу чабандес”, “Аркы дүйнөдөн кабар” деген романдарды да басмадан чыгарды. А.Пушкин баштаган орус, совет жана дүйнөлүк поэзиянын 20дан да арбын классиктеринин ырларын эне тилибизде сүйлөттү. Ошол эле учурда акындын лирикалык тандалма ырлары дүйнө элдеринин 20га чамалаш тилдерине которулуп чыкты.
Омор Султановдун жүрөктү элжиретип, сезимди терметкен ондогон лирикалык ырларына К.Молдобасанов, Р.Абдыкадыров, К.Досмамбетова, А.Атабаев, К.Эралиева өңдүү атактуу обончу-композиторлор музыка жазып, алар телерадиоканалдары аркылуу байма-бай аткарылып келүүдө.
Улуу акыныбыздын өз мекени, эл-журту, мамлекетинин алдында сиңирген зор жана ак ниет эмгеги жогорку баага татып, “Кыргыз Республикасынын эл акыны”, “Руханият сыйлыгы”, II жана III даражадагы “Манас”, СССРдин “Эл достугу” ордендери, Казакстандын “Астана” медалы ж.б. эл аралык сыйлыктарга эгедер болгон.
О.Султановдун адамгерчилик сапаттары: маданияты, жүрүш-турушу, ой-мүдөөсү, көз карашы, улуу-кичүүгө жасаган мамилесин башка эч нерсеге салыштыруу мүмкүн эмес эле. Кудай колдоп, мен бул даанышман менен туптуура 55 жыл бою анын жердеши, иниси, кесиптеши, катары үзгүлтүксүз эриш-аркак жашадым. Мындан улам, анын чечендигин, тамашакөйлүгүн, жылуу мыскылын, чукугандай сөз тапканын менден жакшы бөлөк жан билбейт го (!) деп ойлонуп калам.
Өзүмдүн Омокеме арнап, “Жаралгансыз жан берүүгө сүйүүгө” деген ырымда:
Ырларыңыз – лириканын ширеси,
Аа катылган жашооонун бүт элеси.
Поэзия болсо түпсүз океан,
Сиздин ырлар анын чөкпөс кемеси! – деген саптар бар. Чынында эле ошондой эмеспи.
Тилектеш Ишемкулов, КР маданиятына эмгек синирген ишмер, КР атайын жана толук ыйгарым укуктуу элчиси, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин профессору
"Азия Ньюс" гезити